Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫ ФИЛИП КИРКОРОВ ЖУРНАЛИСТ АЯЛДЫ КЕМСИНТКЕНДИГИ ҮЧҮН 60 000 РУБЛЬ АЙЫПКА СЫНДЫ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Орусиялык белгилүү поп-ырчы Филип Киркоров менен Ростов шаарындагы журналист Ирина Ароян ортосундагы жаңжал 11-август күнү аяктады. Ростов шаардык соту Киркоровду айыптуу деп таанып, ырчы журналистти коомдук жерде кемсинткендиги үчүн 60 миң рубль айып төлөшү зарыл экендигин билдирди. Ушуну менен эми Киркоровдун үстүнөн козголгон чатак соңуна чыкты деп айтканга болобу?

Азырынча Киркоровдун үстүнөн козголгон жаңжал толугу менен бүттү деп айтуу кыйын. Анткени ага каршы журналисттик коомчулук жаңы нааразылыктарды билдирип жатат.

Ростовдо болгон окуя эми бүтөт экен деп турсак, 12-август күнү «Известия» гезити жакынкы күндөрдө Киркоровду сотко берүү ниетин билдирди. Көрсө, 11-августта Ростов шаарында сот жуналист Ирина Арояндын Киркоровко каршы иши тууралуу өкүм чыгаргандан кийин «Известиянын» кабарчысы Антон Помещиков бул тууралуу ырчынын пикирин угуу максатында ага телефон аркылуу кайрылган экен. Бирок жөнөкөй жооптун оордуна журналист ырчыдан сөгүштү угуптур. Бул жолу да Киркоров журналистти кемсинтип, кордогондугу тууралуу кеп болуп жатат. Ошол замат журналист Киркоровдун жообун пленкага жазып алган экен, эми ошол далилдин негизинде ал Киркоровду сотко берүүгө камынып жатат.

Негизи, Киркоров менен журналист Арояндын жаңжалы ушул жайдын эң кызыктуу окуяларынын бири болуп калды. Алгач, көптөр Ростовдогу пресс-коференцияда болгон окуяны ырчы менен жергиликтүү журналист ортосунда алдын ала даярдалып, коомдук пикирди өзүнө буруу үчүн эле жасалган болушу мүмкүн деп ойлошкон. Бирок акыркы күндөрү жаңжал чындап эле жаңжалга айланып кеткенсиди. «Киркоровду сот эми «Эл ырчысы» наамынан да куру калтырат ко» деген ойлор да айтылган эле. Ага каршы козголгон кылмыш ишинин негизинде, белгилүү ырчы Филип Киркоров 1 жылдык жаза ишин аткарып калышы да ыктымал болчу. Бирок сот поп-жылдызды такыр шерменде кылууну каалабаган өңдүү.

- Филип Киркоров өлкөнүн Кылмыш Кодексинин 130 беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, айыптуу деп эсептелет жана 60 миң рубль өлчөмүндө айып төлөөгө зарурланат, - деди Ростов шаардык сотунун төрайымы Ирина Владимирова.

Белгилей кетүүчү жагдай, 60 миң рубль же 2 миң доллардын айланасындагы акчаны Киркоров концертинин 8 мүнөтү ичинде эле таап алат. Бул айып толугу менен мамлекетке өткөрүлүшү айтылды.

Журналист Ирина Ароян ошол эле күнү соттун чечимине толук канааттангандыгын жана моралдык жоготуусу үчүн ырчыдан ашыкча акча талап кылууну каалабай тургандыгын айтты. «Эми Киркоровдун маалымат жыйындарына катышасызбы?» деген суроого ал төмөнкүчө жооп кайтарат.

- Билесизби, Киркоров менен блгон маектен менде жалаң гана жагымсыз ойлор сакталып калды. Ошондуктан мен аны менен мындан ары сүйлөшүүнү каалабайм, - дейт Ирина Ароян.

Окуя болгон эки жарым айдын ичинде ага тиешелүү кабарлар жаңылыктардын биринчи бөлүктөрүн ээлеп алышты. «Киркоров жылдызмын деп такыр өпкөсүн көтөрүп алган. Ал журналистти, болгондо да аялды такыр акылга сыйбаган сөздөр менен жекирди, сөктү!» деп, ырчыга каршы добуш бергендердин саны интернеттеги атайын баракчаларда улам өсүп жатты. Бул өңдүү кыймылдар Кыргызстанда да түзүлө баштаган. Көптөгөн постсоветтик өлкөлөрдө, өзгөчө Орусияда иштеген радиостанциялар менен телеканалдар Киркоровдун ырларын коюдан баш тарта башташты.

Деги эмне болду эле Ростовдогу маалымат жыйынында? Анын бир кичинекей үзүндүсүн угуп көрүңүздөр. Анда ырчы журналистти өзүнүн пресс-конференциясынан кууп жаткандыгы тууралуу кеп болот.

- Киркоров: Оордуңан тур да, кет бул жерден! Көрүшкөнчө! (текебер мааниде айтылат – автор.)

Бул эле эмес, ырчы журналистке нормативдик лексикага баш ийбеген сөздөр менен кайрылгандыгы маалым. Анын сөздөрүндө канчалык деңгээлде журналистти эл алдында шерменде кылган аракет бар-жоктугун атайын лингвисттерден турган топтор изилдешти. Акыр аягында алардын ойлору да бири-бирине окшошпой чыкты.

Ошол эле учурда Филип Киркоров башын ийип, айыпты мойнуна алып калган жок. Ал жума күнү сот ишинин соңуна чыккандыгына ыраазы экендигин билдирди. «Мен бул журналист болумуш Ароянга сотко төлөй турган акчамдан эки эсе чоң көлөмдө гонорар төлөп берүүгө да даярмын, анктени ал мага болуп көрбөгөндөй укмуш реклама жасап берди» деди Киркоров.

Чынында эле, бул жаңжалдан кийин поп-ырчыда илхам пайда болгондой. Анын интернеттеги ырасмий сайты кабарлагандай, Киркоров Ростовдо болгон жаңжалдын негизинде жаңы ырлар топтомун чыгарды жана аны сөгүш сөздөрү менен атап салды. Анткен менен ошол маалымат жыйынында өздөрүнүн кесиптешин кемсинткен ырчынын кылыгына калган журналисттердин кайдыгер мамилеси ушуга чейин көптөрдүн зээнин кейитет.

XS
SM
MD
LG