Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

АБСАМАТ МАСАЛИЕВДИН АКЫРКЫ МАЕГИ


Улуттун туу туткан азамат уулдарынын бири Абсамат Масалиевдин актыкка моюн сунушу көпчүлүк элдин кабыргасын кайыштырып, кайгыртып турган кези. Абсамат ага коммунисттик доор дал-далынан кете баштаган чакта өлкөнү башкарган. Эгемендик заманда баштагы коммунисттик курулуштардын таланып-тонолуп, күрүлдөп иштеп келген завод-фабрикалардын кыйгас токтоп калганына жаны күйгөн. Эл турмушун кантип жакшыртуу керектигин, эски деп кечээкинин баарын ыргытып ийбеш керектигин үнү жеткен жерде жарыя айтып келген.

Абсамат ага менен 29-июлда телефон аркылуу сүйлөшкөм. Ыраматылык сөз арасында быйыл бакчасы жакшы болгонун айтып, мөмөсүнөн ооз тийип кетүүгө чакырган эле:

- Мен эл жасаган майда-чүйдө жумуштарды жасай алам. Жер иштеткенди билем, анан майда курулуш иштерин бүткөрүү да колдон келет. Короого сарымсак эккенбиз. Бышып калган экен казып алганбыз. Бакка болсо эргежээл алма отургузганбыз. Былтыр тиккенибиз беш-алтыдан алды. Сокулуктан алып келип отургузганбыз. Мурда тиккен алмаларыбыз абдан жакшы болуп турат. Буларга суу коёбуз. Алманын кышкы-жайкы сорттору бар. Бирөө бышып төгүлүп атат. Келип жеп кетсеңер болот.

Аттиң, бул аңгеме Абсамат аганын «Азаттык» үналгысына берген соңку маеги болуп калды. Жаамы журтка таанымал улуу адамды ажал тооруп калганы ойдо жок, экөөбүз бак тигүү, жер иштетүү туурасында кыйлага сүйлөшкөнбүз.

Сөз арасында Абсамат ага короосуна мөмөлүү бак-даракты арбын отургузганын айтып, ушу тапта анын мөмөсүн жыйнап атканын, дыйканчылыкка бала кезинен жакын экенин эскерип отурган. Кыргызстандын кыйла жери иштетилбей кысыр калып жатканын өкүнгөнүн жашырган эмес.

Абсамат Масалиев өзү курдуу аксакалдардын кыйласынан айырмаланып, билген чындыгын тартынбай айтчу. Бийлик башындагыларга жаман көрүнүп калбайын деген саксынуу а кишиде жок болчу. Өңгөсүнөн да эгемен өлкөнүн Башмыйзамы улам-улам референдумдарга салынып жаңыртыла беришин жактырчу эмес:

- Референдум боюнча. Бул конституциялык мыйзам. Муну биз канча жолу айттык. Азыр биз 1991-жылы кабыл алынган мыйзам менен иштеп келе жатабыз, жаңысы кабыл алына элек. Эски мыйзам конституциялык эмес. Андай болуш үчүн Жогорку Кеңештин эки палатасы экиден кем эмес ирет карап чыгып, үчтөн эки добуш менен кабыл алышы керек деп жазылып турат. Колубуздагы мыйзам мурдагы бир палаталуу Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал жарабайт. Бирок аны менен 4 референдум өттү. Ачыгын айтсак, бул референдумдар мыйзамсыз. Муну биз ачык эле айтып жүрөбүз.

2002-жылдагы Аксы окуясынан кийин Конституция дагы бир жолу элдин элегине салынып, олуттуу проблема катары анда мамлекет башчыга кандай сыйургалдар керек экендиги парламентте чоң талашка түшкөн. Өлкө жетекчиси менен үй-бүлөсүнө толгон-токой жеңилдиктер берилишин Абсамат ага жактырбастыгын ачык эле билдирген:

- Мамлекеттин тарыхы улантыла бериши керек. Ким кандай иштегени калып калышы абзел. Мына мен өзүм да иштеп келдим. Менин үй-бүлөм, аялым, балдарым иштеп келатышат. Кол тийбестикти эмне үчүн өзүнө, үй-бүлөсүнө алып кaлыш керек. Биз айтып атабыз, мейли иштеп кеткенден кийин жакшы пенсия чектеп берели деп. Жакшы жашоого шарт түзүп берүүнү мыйзам аркылуу өткөрөлү десек болбой туруп түз Конституцияга жазып койду. Мындай Конституция, мындай түзөтүүлөр Американын Конституциясында да жок.

Абсамат ага артында "таза, чынчыл адам эле" деген ат калтырып кетти. Бийликтин бийик тепкичтеринде жүрсө да жөнөкөйлүгүнөн, калыстыгынан тайыбады. Тарых мындай адамдарды дайыма барктап алат.

XS
SM
MD
LG