Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:17

БУУнун ӨЗӨКТҮК АГЕНТТИГИ ИЗРАИЛДИН ТАМЫРЫН ТАРТУУДА


Бириккен Улуттар Уюмунун өзөктүк куралдарга көзөмөл жүргүзүү агенттигинин жетекчиси Мохаммед эл-Барадейи шаршембиде Израилдин өзөктүк программа боюнча жооптуу жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздү. Эл-Барадейи бүткүл Жакынкы Чыгыш аймагын өзөктүк куралдардан эркин чөлкөмгө айлантуу үчүн Израил менен баарлашуу жараянын баштагысы келгенин айтты. Расмий Тел-Авив болсо өзүндө өзөктүк куралдын бар же жогун ачык айтпай турган, «сыр чүмбөтүн жамынган» саясатын улантып келет.

Бириккен Улуттардын өзөктүк кубат боюнча агенттигинин (IAEA) жетекчиси Мохаммед эл-Барадейи (Mohammed ElBaradei) Израилге шейшембиде келип, шаршембиде өлкөнүн өзөктүк кубат программасына жооптуу жетекчи Гидеон Фрэнк жана башка расмий өкүлдөр менен сүйлөшүү жүргүздү.

Эл-Барадейи мырза расмий Тел-Авивден эмнени каалаарын июлдун 6сында мындайча түшүндүргөн:

- Мен Израилдин өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу келишимди колдоп беришин каалайм. Балким, бул биздин агенттик менен кошумча протоколго кол коюу аркылуу жүзөгө ашырылаар. Мен эмнени күтөөр элем? Бул – Жакынкы Чыгышты өзөктүк куралдан эркин аймакка айландыруу менен байланыштуу коопсуздук жана көзөмөл маселелери тууралуу баарлашууну баштоо.

Анын айтымында, Израил мындай кадамга баруудан чочулап жатат, анткени Тел-Авив расмий Тегеран өзөктүк курал өндүрүү боюнча тымызын иш-аракет жүргүзүп жатат ко деп кооптонууда. Израилдин өзөктүк куралдын өзүндө бар же жогун ачык айтпай турган «сыр чүмбөтүн жамынган» саясатынын мааниси, адистердин айтымында, бир чети, айрым кас душмандарын коркутууда, экинчи чети, алардын өз алдынча өзөктүк курал жасоосуна тоскоол кылуу үчүн, өзүндө мындай курал жок экендигин кыйытууда болуп саналат.

Иерусалимдеги Бар Илан университетинин өкүлү, стратегиялык иликтөө боюнча адис Жералд Штайнберг (Gerald Steinberg) Израилдин бул эки ачакей саясатына мындайча түшүндүрмөсүн берет:

- Көп жагынан алганда, Израилдин эки ачакей сактандыруучу саясаты өтө эле адаттан тышкаркы, демейде учурабаган саясат. Ал – дүйнөдө теңдеши жок саясат десем болот. Албетте, Израилдин өзүнүн географиялык акыбалы да таптакыр айырмалуу эмеспи. Ал чакан гана аймакта жайгашкан жана тегерегинде кас душманы курчап турат. Мындай жерде сак-сактап туруу, өз чоо-жайын жарыялабастан, текшертпестен сак-сактоо алгылыктуу. Мындай жагдайды биз дүйнөнүн башка эч бир чөлкөмүнөн учурата албайбыз.

Эл-Барадейинин мындай бүдөмүктөткөн саясатты саал өзгөртүү тууралуу чакырыгына азырынча расмий Тел-Авив оң жооп кайтара элек. Ал түгүл Израил премьери Ариел Шарон эл-Барадейинин сапарынын алдында мындай деп айткан: «Деги ал эмнени көрүү үчүн бизге келе жатканын мен билбейт экенмин – биздин өзөктүк саясатыбыз өзүн актай алды жана аны уланта бермекчибиз».

Ал эми жергиликтүү «Жерусалем Пост» гезитинин 7-июлда кабардашынча, Израилдин аскердик чалгын кызматынын жетекчиси Ахарон Зээви (Aharon Zeevi) эгерде эл аралык коомчулук Иранга кысым көрсөтө албаса, анда расмий Тегеран 2008-жылга карата өзөктүк куралын өндүрүүгө жетишет деп эскерткен.

1981-жылы Израилдин аскер учактары Ирандагы өзөктүк курал даярдоо жайы катары шек кылынган Оссирак деген жердеги өзөктүк реакторду бомбалоого алганы маалым. Ал эми Ирандын коргоо министри Али Шамхани эгерде кайсы-бир өлкө Ирандын өзөктүк жайларына чабуул жасачу болсо, анда Иран бар күчү менен коргоноорун жана БУУнун өзөктүк агенттигине берген убадаларынан баш тартаарын жакында эскертти.

Расмий такталбаган маалыматтарга караганда, Жакынкы Чыгыш аймагы боюнча жалгыз гана Израилде душманына сокку урууга даяр өзөктүк ракеталар бар.

XS
SM
MD
LG