Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

КАТОЛИКТЕР ЫЙСА ПАЙГАМБАРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ


Бүгүн бүтүн дүйнө жүзүнүн католиктери Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти.

Кыргызстандагы католиктер да бүгүн Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Бишкектеги католиктер чиркөөсүнүн дин кызматкери Александр Кандын айтымында, борбор шаарда жашаган католиктер чогулуп, Кудайга сыйынуу ырымдарын жасашты.

- Алгач кетирген күнөөлөр үчүн кечирим сурадык. Кийин Инжилден Кудайдын сөзү окулду. Мындан соң Кудайга табындык.

Александр Кандын сөзүнө караганда, өлкөдө католиктердин бир гана чиркөөсү бар. Бирок, Кыргызстанда христиан дининин бул бутагына канча атуул кирери тууралуу так маалымат жок экен. «Бир учурда өлкөдө жашап турган 100 миңден ашуун немистердин көбү католиктер болчу, алар түгөлү менен Германияга көчүп кетишти. Азыр Кыргызстанда калган 15 миң немистин төрттөн бир бөлүгү католиктер», - дейт Александр Кан.

Анын айтымында, православдар менен католиктердин Ыйса пайгамбардын туулган күнүн 13 күндүк айырма менен белгилеп жатышында эч кандай деле орчундуу чатак жок.

Маалымат үчүн айтып өтөлү, православдар Ыйса пайгамбардын туулган күнүн эски юлиан жылнаамасы менен 7-январда белгилеп келатышат. 1582-жылы католиктердин папасы Григорий ХIII жаңы жылнаама киргизип, ошондон тартып католиктер Христиан дининин бардык майрамдарын 13 күн эрте белгилеп келатышат.

24-декабрда Православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүп, эски юлиан жылнаамасын туура деп эсептешээрин дагы бир жолу белгилешти.

- Себеп дегенде санактын баары Пасха майрамына негизделиш керек, - дейт Православ чиркөөсүнүн өкүлү Алексей Сыромятников. Анын айтымында, Пасха майрамы иудейлердин Пасхасынан кийин белгилениши зарыл. Мындай айырмага карабай, православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү католиктерди бүгүнкү майрамы менен куттукташты.
XS
SM
MD
LG