Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:02

БИР ДҮЙНӨНҮН КУЛУНУБУЗ


Ушул күндөрү Прагада «Бир дүйнө» аттуу бешинчи эл аралык кинофестивал жүрүп жатат. Адам укуктары маселелерине арналган бул кадыр-барктуу фестивалга дүйнөнүн чар тарабынан даректүү тасмалар тартылган. Жекшембиде бул прагалык кинофестивалда жакырчылыктан чыгуу үчүн жол издеп, башка өлкөлөргө самсыган кыргыздар тууралуу Динара Сүймалиеванын тасмасы да көрсөтүлдү.

Прагадагы фестивалдын айрым жагдайлары жөнүндө сөз кыла кетели. Анын аталышы «Един свет» - «Бир дүйнө», анын маанисин толугураак чечмелесек, баарыбыз бир эле дүйнөнүн кулунубуз, ар кимибиздин түйшүгүбүз, тиричилик үчүн күрөшүбүз, үмүтүбүз жана кайгыбыз, - улуттук, диний, расалык, саясий жана башка айырмачылыктарыбызга карабастан, - башка замандаштарга, демек, бири-бирибизге орток көйгөй катары түшүнүктүү болууга тийиш.

Бул фестивалдын сүрөөнчүлөрүнүн бири, мурдагы чех президенти Вацлав Гавел айткандай, “Бир дүйнө” фестивалы адамдардын азап-тозокторго кандайча кабылып жатканын күбө катары чагылдырып чектелбейт. Адамзаттын тилектештигинин залкар кубатын айгинелеген жана зомбулук менен адилетсиздикке каршы турууга далаалат кылган кишилердин иш-аракетин чагылдырган бул фестивал, Гавел баса белгилегендей, “кишинин өз укугуна жана өзүнүн инсандык кадыр-баркына ишенимин арттырууга” багытталган.

Быйыл бешинчи жолу өткөрүлүп жаткан фестивалга жаш кыргыз режиссеру Динара Сүймалиеванын «Гастролерлор» аттуу тасмасынын катыштырылып жатышы, албетте, бизди кубандырбай койбойт. Анда үй-бүлөнү багуу үчүн башка өлкөлөргө иш издеп кетип жаткан алатоолуктардын тагдыры баяндалат. Праганын «Рокси» клубунда жекшембиде (апрелдин 13үндө) көрсөтүлгөн бул даректүү тасма тууралуу Динара Сүймалиева “Азаттыктын” кабарчысы Жаңыл Жусубжан менен маек куруп, сөз арасында кыргызстандык “гастарбайтерлер” жөнүндө мындай деп айта кетти:

- Кыргызстанда элдин бештен бири, же болбосо беш миллиондун бир миллиону – миграциялык процесстерге тартылган. Турмуштун айынан алардын жарымынан ашыгыраагы – Россияга, азыраагы – Казакстанга кеткен. Жакшыбы, жаманбы, мен муну айта албайм, бирок турмуш ушуга мажбурлап жатат. Мамлекеттен жардам жок болуп калды. Ар ким өз арбайын өзү сокконго мажбур. Айтмакчы, кара жумушчулар же гастарбайтерлер Россиядан чыгарып кеткен акча алардын өлкөсүнө келген чет элдик инвестициялардан ашып түшөтю.

Фестивалда чех жаштарынын кызыгуусун туудурган тасмалардын бири – Мира Ниаголованын “Сатыкка түшкөн перизат” фильми. Анда пост-коммунисттик Чыгыш Европанын арманы чагылдырылган. Тасмада азыркы доордогу зулумдуктун айынан сойкуканаларга түшүп, аргасыз күң болуп калган болгар жана башка улуттардагы кыздар өз башынан кечирген армандуу окуяларын баяндашат.

Бул арман күнгө туш болгон кыз-келиндердин үмүт-арзуусу – чет өлкөгө чыгып, жакырдык чидеринен кутулуп, ажайып бир турмушка жеткирчү жомоктогу канзаадасын табуу, бирок алардын анча-мынчасы гана мындай канзаадасына жетиши мүмкүн.

Фильмде көрсөтүлгөндөй, улам күч алган эл аралык кылмыш топтору миңдеген кыздардын тамырына балта чабууда. Ансыз да үй-бүлөнүн мээримин көрбөй, бала чагы муң-зарда өткөн 13-16 жаштардагы нечендеген кыздар уурдалып, алданып же коркутуу жолу менен башка өлкөлөргө тымызын ташылып, жыныстык күңчүлүккө дуушарланганына күбө болуп туруп, аларды сойкулукка түрткөн топторго каршы чечкиндүү чара көрүүнү бардык өкмөттөрдөн талап кылгыңыз келет. Тасмада болсо бүгүнкү кулчулук менен күңчүлүктү өөрчүткөн мындай кылмыштуу топторго каршы күрөш баңгизат ташыган топторго каршы күрөшкө салыштырмалуу экинчи планда калып жатканы курч сынга алынат.

Фестивалды уюштуруучулардын бири, “Камкордукка муктаж адамдар” корунун жетекчиси Игор Блазевич азыркы адамзаттын жалпы адилеттик жана гуманизм тууралуу абстракттуу түшүнүгүнө турмуштук мисалдар аркылуу конкеттүү жан киргизген касиет – “Бир дүйнө” фестивалынын башкы айырмачылыгы экенин белгилейт. Кытай, Вьетнам, Ооганстан, Жакынкы Чыгышта, пост-коммунисттик өлкөлөрдө, деги эле, дүйнөнүн булуң-бурчунда журналисттер тарткан даректүү тасмалар фестивал маалында ар кыл тилдерде жана чехче котормосун титрде берүү менен көрсөтүлүүдө. Фильмдерден соң уюштурулган кызуу талкууларга чех жаштарынын жандуу катышканын көрүп, бул коом жамандыктан арылуунун бар аракетин жасап жатат деп ыраазы боло айткың келет.

Ал эми адамзат көйгөйлөрү менен олуттуу ойлонткон кинотеатрлардан сыртка чыксаңыз, Праганын Эски шаар бөлүгүндө демейдеги турмуш кайнап, сейилдеп жүргөн кишилерди эрмектеткен оркестр жаз айына майрамдык шаани берүүдө.
XS
SM
MD
LG