Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

ТАРЫХЫЙ ТАМЫРЫ ТЕРЕҢ БАГДАД


Эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурган Багдад ушул тапта дүйнөдөгү эң көп сөз кылынган шаар десек жаңылышпайбыз. Коалиция аскерлери тарабынан курчоого алынып, бомбалардын жапырыгында калган бул баш калаанын көөнө тарыхы 9-11-кылымдардагы “мусулман ренессансы” деп аталган доор менен тыгыз байланыштуу.”Миң бир түндөгү” Шахерезаданын бал тилдүү жомокторунда сүрөттөлгөн сыйкырдуу Багдад шаары тууралуу эмнени билесиз?

Шаардын аталышын айрым тарыхчылар семит тилдерине таяп, “бейт кадад” же “кой короосу” деп чечмелешсе, башка бир изилдөөчүлөр ал байыркы фарсы тилиндеги “баг” – “кудай”, жана “дад” – “белек” деген сөздөрдөн келип чыккан дешүүдө. Багдаддын географиялык жайгашуусуна, байыркы тарыхына, даңазалуу архитектуралык эстеликтерине көз чаптырсак, ал чындап эле кудайдын белеги деген ойго келесиң.

Калаа 762-жылы Аббасийлер (Abbasid) сулалесинин экинчи халифи ал-Мансур тарабынан негизделген. Анын Тигр дарыясынын боюнда жайгашуусу, Иран, Жер ортолук деңиз менен Анатолия соода жолдорунун кесилишинде болгону да стратегиялык маанисин арттырган. Тарых булактарында Багдад бат эле мусулман дүйнөсүнүн соода жана маданият борборуна айланган деп айтылат. Төрт жылга созулган куруу иштери үчүн Мансур Ислам дүйнөсүнөн жүз миңдеген эң мыкты архитекторлору менен усталарын жалдаган. Ошентип, мында Шахрезаданын жомокторундагыдай көз жоосун алган сарайлар, алтын менен жасалгаланган мечиттер, кооз тоостор түстүү канаттарын жайып сейилдеп жүргөн гүлбактар жаралган.

100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Самарра шаарынын ырааттуу атаандашуусуна карабай, Багдад андан кийинки халифтердин мезгилинде да гүлдөп-өсүп, аймактагы эң негизги соода борбору болуп калган.

8-9-кылымдар шаар тарыхынын “алтын доору” катары белгилүү. Англиялык саякатчы Гэвин Янг жазгандай: ”Багдад дүйнөнүн эң бай калаасына айланган”. Илим менен маданият өзгөчө халиф ал-Мамун тушунда, 813-833-жылдары өнүккөн. Дал ошол кезде атактуу “Даар ал-Хикма”, башкача айтканда, илимдер академиясына тете болгон чордон курулган. Анда жок болуп кеткен байыркы грек кол жазмаларынын араб тилиндеги котормолук варианттары топтолгон. “Миң бир түндө” сөз болгон халиф Харун ар-Рашиддин кезинде болсо шаар Тигр дарыясына карай кеңейип, дарыянын чыгыш жээги азыркы Багдаддын борбору болуп калды. 11-кылымдын 70-жылдары Багдадды энциклопедист-жердешибиз Махмуд Кашгари Барскани да кезген. Төрт кылымды карыткан “алтын доор” Чыңгысхандын небереси Хулагунун калааны басып алуусу менен аяктады.

14-кылымдын географтары Багдад толугу менен урандыга айланды деп өз жазууларында тастыкташкан.

Багдадда туулуп өсүп, ушул тапта Европада сүргүндө жүргөн журналист Ахмед Айад калаанын тургундары тарыхка көп деле кызыкпайт, алар көбүнчө өздөрүнүн көр турмушу менен алек дейт:

- Шахерезаданын доорундагы Багдад алыста, унутта калган. Шахерезаданын шаардын борборундагы эстелиги болбосо ал ким экенин көпчүлүк жашоочулар билбейт деле болчу. 1956-жылы Баас партиясы бийликке келгенден бери Багдад карапайым калктын күнүмдүк жашоо үчүн күрөшүнө гана күбө болуп келатат. Анткени Саддамдын режими эң башынан эле жалгыз гана куралдануу менен алектенген, Саддам Хусейн мусулман жана араб дүйнөсүнүн лидери болууну эңсеп келген.

Ушул тапта ЮНЕСКО жана башка уюмдар, жалпы эле эл аралык коомчулук Багдаддагы тарыхый мурастарды сактап калуу үчүн бар арганы жасоону согушкан тараптардан талап кылууда. Нечендеген уруштарды баштан кечирген шаар улам күлдөн жаралган зымырык куш сыяктуу түбөлүк жашоого тийиш.
XS
SM
MD
LG