Коронавирус илдетине байланыштуу дүйнөнүн бир катар мамлекеттери сыяктуу эле Кыргызстан дагы карантин шартында жашап жатат. Ошондой эле Бишкек, Ош шаары баштаган бир канча шаарда жана райондо өзгөчө абал режими киргизилген.
Чехияда «Акылдуу карантин» деген система сыноо иретинде ишке кирди. Технологиялардын жардамы менен инфекцияланган адамдын акыркы беш күндө кайда жүргөнү, ким менен байланышта болгону аныкталат.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам мектеп окуучуларына жана окуу жайларынын студенттерине жарыяланган үч жумалык каникул аягына чыгып баратат.
Жакынкы күндөрү 1-11-класстар үчүн министрликтин “Санариптик окутуу” боюнча билим берүү порталы ишке кирет. Бул порталга окуу материалдары, атайын тесттер жүктөлөт. Жыйынтыктоочу экзамендерди мектепке келбестен тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралууда.
Таажы вирусунун илдетине каршы Беларус мамлекет башчысынын сунуштары.
Пакистандык «таблигчилердин» бийликтин коопсуздук жаатындагы үндөөсүнө баш ийбөөсүнүн эпкини Кыргызстанга да тийди. Блог.
Заманабыздын залкар ойчулу жана жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу блог.
2005-жылдын 24-мартындагы элдик ыңкылаптын мааракесине карата блог.
Негизсиз жоромолдор адамзатты жаңы пандемияга каршы орток күрөштөн алагды кылышы ыктымал.
Кыргызстанда эрте жашынан эле балдарын чет тил курстарына берген ата-энелер көбөйдү. Логопед, психолог жана невролог адистер арасында бул демилгени колдогондор да, ага каршы чыккандар да жетиштүү.
Нарындагы "Ага Хан" фонду ачкан Борбор Азия университетинин ректору, профессор Сохаил Накви Пакистандагы билим берүү рейтинги эң төмөн болгон Лахор университетин бир нече жылдын ичинде эл аралык деңгээлдеги мыкты окуу жайлардын катарына кошкон.
Дүйнөдө көөнө жөрөлгөлөр коронавируска байланыштуу кайра каралууда.
Дагы жүктөңүз