Көпчүлүк мугалимдер карантинде ар бир сабакты даярдоо үчүн бир эле учурда оператор, алып баруучу, режиссер болушту. Асылкан Кубанычбекова дагы видео тартууну мыкты өздөштүрүп, социалдык тармактарда дагы кызыктуу вайндарды тарта баштаган.
Мекендеш, сиз коронавирустан сактануу үчүн коомдук жайларда медициналык беткап кийип жүрөсүзбү? Эгер кийбесеңиз, жаңыласыз! Эмне үчүн?
Кыргыз тилчи Перизат Даткаева карантин шартында күндөп-түндөп иштеген мугалимдердин бири. Ал мектептер аралыктан окууга өткөндөн бери ар бир классына күндө жаңы видеолорду тартып жатты.
Германиядагы журтташыбыз Айзада Акбекованын "IT адиси болуш үчүн диплом керекпи же курсту бүтүрүү жетиштүүбү?" деген суроого жообу.
Орусиялык түрколог, булак таануучу Лилия Тугушева 89 жашында дүйнөдөн кайтты.
Чет өлкөлөрдө жашаган адистер менен билим берүүдөгү айрым маселелерди талкууладык.
Кыргыз окумуштуулары таажы вирусу, анын кесепеттери, сактануунун жолдору тууралуу элге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бере алышабы? Же андай адис-окумуштуулар өлкөдө жокпу?
Кыргыз мектептери азыркы замандын талаптарына жооп берген билим берип жатабы? Канткенде окуучулар коркпой окуп, эркин ой жүгүртө алышат? Ушул маселелерди Бишкектеги Билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомамбетов, Германияда, Жапонияда, Түркияда жашаган адистер менен талкуулайбыз.
Санжыраны саясатташтырбастан үйрөнүү –– илим талабы.
Студенттер жогорку окуу жайлары окуу акысын толук төлөөнү талап кылып жатышканын айтып арызданууда.
25-майда «Илим кыз» интерактивдүү мектебинде онлайн сабактар аяктады. Долбоордун уюштуруучулары - «Роза Отунбаеванын демилгелери» фонду жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети. Бул ушуну менен бешинчи жыл катары мектеп жеткинчектерин билимге үндөп келген мыкты саамалык.
Бир үйдө кайненеси, келини жана неберелери менен жашаган Дамель Исмаилова - айыл активисти. Ал айылдаштарына үй-бүлөнү бекемдөө, кайнене менен келин ортосундагы мамилени чыңдоо жана түшүнүүгө үгүттөгөн иштерди алып барат.
Дагы жүктөңүз