Кыргыз адабият таануусунда өзүнчө бир мектепке чыйыр салган профессор Абдыкадыр Садыков 87 жаш курагында быйылкы апаат учурунда көз жумду.
Кыргызстанда “Кыз китеп” жарык көрдү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан басылып чыккан китеп сегиз жаштан 18 жашка чейинки кыздарга арналган. Китепте кыздардын гигиенасы, спорт менен машыгуусу, жүрүм-туруму боюнча суроолорго жооптор камтылды.
Кыргызстандык Чолпон Абдыжапарова "Фейсбук" компаниясына өнөктөш-инженер болуп жумушка кирди. Ал ири компаниядагы олуттуу жумушунан тышкары ырдап, бийлегенге да үлгүрөт. Программист бул ийгилигине кантип жеткенин, мыкты программист болуу үчүн эмнелерди эске алыш керектигин айтып берди.
"Азаттык плюс" бул берүүсүндө дүйнөлүк ири компанияларда иштеген кыргызстандык кыздар менен тааныштырат.
Мектеп окуучулары пандемиядан улам окуусун онлайн өтүп жатышат. Буга чейин Республикалык ыкчам штаб 6-класска чейинки окуучулар мектепке кадимкидей эле барарын кабарлап, бирок кийин ал чечиминен баш тарткан.
Коомдун баштапкы уюткусу болгон үй-бүлөдө адамгерчилик, демократиялык башат, билимге умтулуу даңазаланса –– жалпы коом да ошол багытка өзгөрөт. Илимпоз Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу.
Деги, COVID-19 илдети күчөп, социалдык көйгөйлөр улам тереңдеген сайын кризисти башкарууга жөндөмдүү өкмөткө жана жоопкерчиликтүү Жогорку Кеңешке муктаждыгыбызды сезип жатабызбы? Буга кантип жетишүүгө болот? Гүлдана Мурзакулдун блогу.
Айрым кыргыз саясатчылары эгемендиктен “чарчашканын”, мурдагы метрополия болгон Орусияга “кайтуу керектигин” айтып жатышса, Кыргызстандагы чакан этностордун алдыңкы көз караштагы өкүлдөрү Атажурттун эгемендигин чыңдап, анын демократиялуу өнүгүшүнө салым кошууга чакырышууда. Тарыхчынын блогу.
Көп партиялуулукка негизделген парламенттик шайлоого каршы чыгып, эскиче бир мандаттуу шайлоого өтүүгө чакыруу алгылыктуубу? Тарыхчынын блогу.
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши 10-октябрдагы чукул отурумунда абактан жаңы чыккан саясатчы Садыр Жапаровду убактылуу өкмөт башчы кылып шайлагандан кийинки алгачкы ойлор. Тарыхчынын блогу.
Кыргызстандагы соңку окуяларды элдик толкундоо маалында өмүрүнөн ажыраган Үмүтбек деген жигиттин ысымы менен “Үмүт ыңкылабы” деп атоо сунушу айтылууда. Тарыхчынын сереби.
Дагы жүктөңүз