«Манас» эпосунун Жүсүп Мамай айткан вариантын каралаган айрым пикирлер басма сөздө, интернеттин коомдук тармактарында айтылып келди. Деги мындай доолор калыспы? Жаш илимпоз, доктор Гүлзада Нармаматованын блогу.
Балдарды балага кезинен эле ыксыз уялчаактыктан арылтуу абзел. Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогу таалим-тарбиянын ушул өңүтүнө арналган.
Кыргызстандын өнөрпоз жаштары үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүктү жигердүү колдоп чыгышты. "Азаттыктын" кабарчысы Айгерим Акылбекова баяндайт.
Дүйнө коомчулугу быйыл атактуу казак акыны Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Тарыхчы Т.Чоротегин Абай өз доорунун айтылуу заманачыларынын кыртышынан жаңы сереге өнүп чыккан ойчул акын болгондугун өз блогунда баса белгилейт.
Жер жүзүнүн аркы бетиндеги азап да бул жактагы акындын жүрөгүн тилет дешет эмеспи. Акын Шайлообек Дүйшеев өз блогунда туңгуюктан жол издеген мекендештерин Финляндиянын руханий ж.б. сабактарын астейдил үйрөнүүгө чакырат.
Каракол шаарында ишкерлердин демилгеси менен өзгөчө китепкана ачылды. Дүйнөлүк бестселлерлер топтолгон, ысык чай жана кофеси бар бул китепкана жергиликтүүлөрдү кызыктырууда. Бул жерге соңку күндөрү шаардын жаш тургундары келип жатканын кабарчыбыз Кундуз Сырдыбаева баяндайт.
Баскынга дуушарланып, өзүнүн аймактык бүтүндүгүн кайра калыбына келтирүү үчүн күрөш жүргүзүп жаткан өлкөлөр үчүн терминологиялык согуш да өтө маанилүү. Украина – буга мисал. Расмий Киев Крым жарым аралы убактылуу баскын алдында гана турат деп санайт.
Азыркы тапта Сары Өзөн Чүйдө байырлап жаткан жерге-талдык журналист Абдил-Ахат Курбанов менен жазуучу жана журналист Мирзохалим Каримовдун баарлашуусу Тажикстандагы Жерге-Тал өрөөнүнүн кыргыздарынын сүймөнчүктүү мезгилдик басылмасы тууралуу жүрдү.
Башмыйзамга карата пост-советтик доордогу кыргызстандыктардын туруму кандайча өзгөрүп келди? Жаңы багыт каякка кетээр экен? Конституциянын маңызы жана ага карата мамиле жөнүндө укук жана саясат таануу адиси, докторант Медербек Айтмырзаевдин блогу.
Америкалык Moderna биотехнологиялык компаниясынын коронавируска каршы вакцинасы 94,5 пайыз натыйжалуу экенин көрсөттү. Бул тууралуу сыноонун алдын-ала жыйынтыктарына таянып, компания жетекчилиги 16-ноябрда жарыялады.
Маркум Жүсүп Мамайдын айтуусундагы “Манас” вариантынын ар кандай цензурадан эркин текстин чукул арада жарыялоо зарыл. Кытайлык залкар кыргыз манасчынын өзү менен чогуу отуруп, анын эпостук вариантынын текстин тактаган манас таануучу Орозбүбү Сатиш кызынын пикири дал ушундай.
13-ноябрь Ош шаарында күнү мурдагы билим берүү жана илим министри, профессор Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Иш-чара ал өзү бир топ жыл бою жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында болду. Исаков менен коштошууга баргандардын саны 500 кишиден ашты.
Дагы жүктөңүз