Райымбек Матраимовдун эркиндикте калышы коомчулукта резонанс жаратты. Кылмыш менен жазанын ортосундагы байланыш, жазанын колдонулушу жана анын максаты эмнеде? Медер Айтмырзаевдин блогу ушул көйгөйгө арналат.
Кара-Суу районундагы Тенти Кадырбаев мектебинин жылытуу ыкмасы өткөн кылымды эске салат. Айылдагы билим берүү жайын 1998-жылы кыштактагылар ашар жолу менен курушкан. Азыр ар бир класска меш коюп, күнүнө беш жолу от жагылат. Мугалимдер балдар окуган класстагы мештен кээде ыш чыгып жатканына капа.
Салижан Жигитовдун 44 жыл илгерки “Күн тууду” повести -- анын реализмге ээ-жаа бербей ала качкан кыялдан, санжыргалуу фантазиядан келип чыккан керемет иллюзия камтылган чыгармасы. Адабиятчы Калык Ибраимовдун толукталган блогун сунуштайбыз.
Бейшенбай Мураталиевдин өмүр жолу көпчүлүк партиялык кызматкерлерге окшош. Бирок анын тагдырында достору гана айтып калган өзгөчө барактар да болгон.
Интернет доорунда өз алдынча билим алуу кыйла жеңил болуп калды.
“Манас” эпосун изилдөөгө, кыргыз фразеологиясы жана диалектологиясы илимий тармактарына зор салым кошкон окумуштуу, профессор Раимжан Эгембердиев дүйнө салды. Андан университетте таалим алып калган адабиятчы, илимпоз Бекташ Шамшиев эскерет.
Жалаң компүтер жана санарип менен “оозанган” жаңы муундарды кантип кадыресе китеп сүйүүчүлөргө айландыра алабыз? Бириккен Арап Эмирликтеринин борбору Абу Даби шаарында байырлап жаткан жаш педагог Нурайым Ысмайыл кызынын “Азаттыкка” жолдогон блогу дал ушул көйгөйгө арналган.
2017-жылдын октябрь айында Памирден Кыргызстанга көчүрүлүп келген бир ууч этникалык кыргыздардын арасында 16 жаштагы Турганбай Абдулвахид уулу да бар болчу.
Кыргызстанда акыркы кездери мектепте жоолук салынуу маселесинде дагы талаш-тартыш жарала баштады. «Биз жана дин» түрмөгүнүн коногу Эржан Сулаймандын көз карашы.
Украинанын Харьков шаарында «Folio» басма үйү жакында латын алфавитинде жарыялаган крым татар тили боюнча окуу китеп бул тилди эне тили катары санагандар үчүн эле эмес, чет тил катары үйрөнүүнү каалагандар үчүн да олуттуу окуу куралы болуп калмакчы.
Туура диний жана илимий аң-сезимдин калыптануусунда «керемет окуя» түшүнүгүн талдоо – олуттуу мааниге ээ. Элмурат Кочкор уулунун «керемет окуя» түшүнүгүнө карата сереби ушул темага арналат.
Республика боюнча жалпы 2152 мамлекеттик мектеп бар. 18-январга карай анын 2147си мектепте балдарды окута баштады. Айрым мектептерде 1, 5, 9, 11-класстардын окуучулары гана мектепке келсе, кээ бир мектептерде окуу толук башталды.
Дагы жүктөңүз