Кыргызстанда "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясы иштелип чыгууда. Жумушчу топко кирген жарандык коомдун өкүлдөрү билим берүү жайларын милдеттүү аккредитацияны токтотууну сунуштаса, министрлик буга каршы.
Украинанын Северодонецк шаары үчүн айыгышкан салгылаш уланууда. Калаада суу жок, гуманитардык кризис жайылууда. Киев майданда күнүнө 100-200гө чейин аскерин жоготуп атканын билдирди. Адам укуктарынын эл аралык уюмдары Кыргызстанга берген 1311 сунуштун көбү аткарылбай жатат.
Бүгүн 9-июнда Кыргызстанда окуу жылы аяктап, өлкө аймагындагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаты өттү. Бул окуу жылы 15-сентябрда башталганы үчүн майрамдык иш-чара адаттагыдан 15 күн кеч белгиленди.
Ош шаарынын чет жагындагы 4 миңден ашуун лөлү тектүү эли бар айылга мектеп керек. Алардын балдары 4-класска чейин айылда кыргыз мектепте окушат. Ал эми чоң класстын окуучулары коңшу айылдарга барып билим алууга аргасыз.
1-июнда Бишкекте балдардын экинчи эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалы башталды. Ага Орусиянын Алтай, Тыва Республикаларынан, Казакстандан, Монголиядан да өнөрпоздор катышууда.
Белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Зайырбек Ажыматовдун туулган күнүн утурлай анын жакындары эки китебин жарыкка чыгарып, 27-майда бет ачарын өткөрдү. "Доско кат" аттуу китепке буга чейин жарык көргөн жана жазылып, жарыяланбай калган ырлары, поэмалары, котормолору камтылган.
Бишкектеги эл үзүлбөгөн Ош базарынын жанында дээрлик бир кылымга жакын тарыхы бар китепкана жайгашкан.
Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы орто мектептин окуучулары жарым кылым мурда курулган имаратта окушат. Ушул тапта мектептин бир жак дубалы ажырап, сыртты көздөй ооп, шып балдардын үстүнө түшүп кетчүдөй болуп турат. Жаңысы качан салынары белгисиз.
Дагы жүктөңүз