Англис тили мектептерде 9 жыл окутулганына карабай, мектеп бүтүрүүчүлөрү тилди толук өздөштүрө алышпайт. Ошол эле учурда жеке менчик курстарга, социалдык тармактагы тил үйрөтүүчү контентке суроо-талап күч. “Азаттык+” жаштардын дүйнөлүк тил менен байланышын талкууга алды.
Ноокенде райондук китепкананын демилгеси менен «Китеп куржуну» кызматы уюштурулду. Китепкана окурмандарга сураган китебин үйүнө жеткирип, 10 күнгө берет. Иш-чаранын максаты - коомчулукту китепке кызыктыруу. Ушул тапта 4 миңдей китеп окурмандарга таратылды
Көз жоосун алган керемет Кел-Суу соңку жылдары саякатчылардын сүйүктүү жерине айланды. Алыскы Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндөгү бул көлдүн популярдуу болушуна видео блогерлер дагы салым кошту.
Эгемендик алган жылдардан бери китеп соодасы жакшы жүрбөй, окумал адамдардын саны азайып кеткени айтылып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстанда соңку жылдары китеп окутуу боюнча сынактар жарыялана баштады. Аны уюштурган басма үйлөрү жана китеп дүкөндөрү бул аргасыз кадам экенин айтышууда.
Германияда жыл өткөн сайын кесиптик кадр муктаждыгы күч алууда. Буга байланыштуу немис өкмөтү чет элдик жарандарды жумушка алуу эрежелерин жеңилдетүүгө киришти. Евробиримдикке кирбеген өлкөлөрдүн жарандарын жумушка тартуу максатын көздөгөн мыйзам долбоору 2023-жылы иштелип чыгуусу пландалган.
“Азаттык+” жаңы жылдык чыгарылышында жыл ичинде элге кеңири тааныла алган ар тармактагы жаштарды кепке тартты.
Дүйнөлүк криптовалюта жана NFT рыногу миллиарддаган доллар менен өлчөнөт. Барган сайын кыргызстандыктар санариптик валюта соодасынан же санариптик сүрөттөрдөн акча таба баштады.
Кеңешбек Шоруков 30 жылдан бери Түп районундагы Долон кыштагынан Жылдыз айылына чейин ат менен барып-келип иштейт. Иштеген мектебине жетүү үчүн күнүгө ат менен 10 чакырым жол жүрөт.
Азамат Турсунбаев 2008-жылы Америкага жөнөп кеткен. Ал кезде АКШ кыргыз жаштары үчүн жаңы багыт болуп турган. Бул убакыт ичинде ал ар кандай иш баштап көрүп, телефон оңдоп кызмат көрсөткөн кеңсе ачкан. Азамат азыр бул багыттагы бизнес баштаган Калифорниядагы алгачкы ишкерлердин бири болуп калды.
Дагы жүктөңүз