Карахандык Кочкор-Башы шаарынын орду – азыркы Кочкор өрөөнүндө.
Кыргызстандын мектеп окуучулары эгемендик алгандан бери жыл сайын математика, биология, химия, физика жана информатика боюнча дүйнөлүк предметтик олимпиадаларга катышып келет.
Кыпчактардын Бишкектеги кереге кеңеши жана жалпы жарандык ынтымак жаатында учкай кеп.
Кочкор-Ата шаарында ууланды деп айтылган 23 бала ооруканада жатат. 11-майда шаардагы мектептердин биринин 6-7-8-класстарынын 42 окуучусу "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилгени кабарланаган. Айрымдары дарыгерлердин кароосунан кийин үйлөрүнө чыккан. Ууланууга эмне себеп болгону айтыла элек.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын көзөмөлдөө кызматында жети айым эмгектенет. Алар концерт-салтанаттарда элди тейлеп, кечигип келгендерди өз орундуктарына жайгаштырышат. “Азаттык” 15 жылдан бери эмгектенип жаткан Ракат Калыйбаеванын машакаттуу жумушу менен тааныштырат.
Түркияда 14-майда президенттик жана жалпы шайлоолор өтөт. Түрк өлкөсүндөгү шайлоо өнөктүгүндө атаандаш талапкерлердин жарнамалары бири-бирине жанаша жайгашкан учурлар бар.
Жаз-жай айларында шаардан көчө музыканттарын кезиктирүү кадыресе көрүнүш. Бул маданият Бишкекте кандай өнүгүп жатканын “Азаттык плюстан” көрүңүз!
Башкыр элинин чыгаан уулу Ахмет Заки Валиди Тоган илимге да, өз элинин мамлекеттүүлүгүнө да зор салым кошкон. Тарыхчынын блогу.
Украинанын бийликтери 8-май күнүн “Жеңиш күнү” деп мыйзам түрүндө жарыялоого беленденишүүдө.
Фрилансерлердин, аралыктан иштеген адистердин көбөйүшү менен Кыргызстанда коворкингдердин саны артууда. “Азаттык+” шаардагы коворкингдерди кыдырып, ижарага иш орун алып иштөө маданияты кандай өнүгүп жатканына кызыгып көрдү.
Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид Бишкектеги сапары жана Батыштын Орусияга салган санкцияларын сактоонун талабы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
“Азаттыктын” Бишкектеги бюросун жабуу далаалаты саясий абактагы жарандардын тагдыры жана жалпы эле адам укуктары менен демократиялык жүрүмдүн акыбалы менен байланыштуу.
Дагы жүктөңүз