Кыргызстандагы протестант кыргыздар тууралуу протестант-машаякчы, "Теңир жыйыны" уюмунун башчысы Кайырбек Маныбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Бир катар депутаттар Кыргызстан түрдүү диний уюмдардын очогуна айланып баратканын, ага мамлекеттик органдар тиешелүү көңүл бурбай жатканын айтып чыкты.
Адамдарды алдоо жолу менен “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчөлүккө тартат деп шектелген 57 жаштагы кыргыз жараны сурак берүүдө. Ага конституциялык нормаларды бузууга чакырык таштаган, расалык, аймактык, диний жана улут аралык чагым жасаган деген айыптар коюлган. (УКМКнын оперативдүү тасмасы)
Август айынын башында Кыргызстандан ажылыкка жөө жөнөп кеткен он кишинин дайыны чыкпай жатканын жакындары айтып чыгышты.
11-ноябрда Эл аралык изилдөө борборунун жаңы изилдөөсү жарыяланып, ага катышкан сунни жана шийи мусулмандары ортодогу араздашуу улам күчөп баратканына тынчсыздануу билдиришти.
Кыргызстандагы ар кандай диний агымдын өкүлдөрү балдарды эмдөөгө каршы үгүттөп жатышат.
Сузак районундагы борбордук мечиттин жанына тургузулган Зухриддин Эсен аттуу маркумдун күмбөзү эки жолу өрттөлдү.
Белгилүү ислам аалымы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов диний билим берүү, медреселер, “Манас” эпосу жана башка суроолорго жооп берди. (Заирбек Бактыбаев, Мирлан Токталиев)
Ош шаарындагы Курмай айт намазына 25 миңдей киши чогулганы айтылууда.
Бишкекте айт намазы эски аянтта өтүп, ага 80 миңге жакын адам катышты. Акыркы жылдары айт намаз учурунда кайыр сураган адамдардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө тилемчилик кылгандардын арасында жаш балдардын көбөйгөнү байкалат. (Улан Эгизбаев, Мирлан Токталиев)
Кыргызстандын бардык аймактарында бүгүн айт намаздары окулуп, мусулмандар майрам шаанисин улантууда.
Курман айт майрамына карата Кожомкул атындагы спорт сарайында адал тамак-аштардын жармаңкеси өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымында, жармаңке 15-октябрга чейин созулат. Жармаңкеге адал деген тастыктамага ээ тамак-аш азыктары, косметика жана дары-дармектер коюлду. Иш чарага 30га жакын ишкана катышууда. (Улан Эгизбаев, Мирлан Токталиев)
Дагы жүктөңүз