Бүгүн бардык православ чиркөөлөрүндө Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өттү.
7-январда Кыргызстандагы православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөөдө. Таң эрте Бишкектеги жана жер-жерлердеги чиркөөлөрдө сыйынуу, шам жагуу жөрөлгөлөрү өткөрүлдү.
7-январда Каракол шаарында ыйык Троицк чиркөөсүндө Рождество майрамы белгиленди.
Жакында Бишкекте Кыргызстандагы диний укуктардын жана эркиндиктердин абалы жөнүндө талкуу болуп өттү.
Кыргыз милициясы интернет аркылуу экстремисттик уюмдарга кошулууга азгыргандарды аныктоодо жаштарды жардамга чакырды.
Адистер жаштарды диний радикалдашуудан сактап калууну көздөгөн имамдардын өзү жалпы диний үгүт сөздөн башка жүйө айта албастыгын сынга алышууда.
Акыркы мезгилде Кыргызстандын Дин иштери боюнча комиссиянын айланасында талаш-тартыштар күч алууда. Дин комиссиясынын жетекчилигинин коррупцияга аралашканын айрым коомдук активисттер айтып чыгышты.
Талас облусунда 250дөн ашык ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартты. Бул кадамга алар диний көз караштан улам барышууда.
Жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештеги намазкана кайсы каражатка, кимдин колдоосу менен салынганы коомго ачык айтылышы керек деген талапты коюуда.
“Азаттыктын” кабарчылары апта темасы аркылуу дааватчылыктын Кыргызстандагы көрүнүшүн сүрөттөөгө аракет кылды.
Жогорку Кеңештин имаратында 150 киши кенен баткан намазкана бар. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы Ак үйдө ачылган намазкананын каржы булагын көрсөтүүнү талап кылган.
Дагы жүктөңүз