Ошто "Хизб-ут Тахрир" идеяларын таратып жүрөт деген шек менен кармалган эки кызды сот үй камагына бошотту.
Өткөн аптада Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Ишеналы Арабаев атындагы университет менен биргеликте жүргүзгөн «Жаштар жана Ислам» аттуу социологиялык иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады.
Өзгөн районунун Мырзаке айылында жайгашкан Абдырайым кары атындагы мамлекеттик медреседе жайкы диний лагер уюштурулуп, 100дөн ашуун бала шарият таалимин алууда. Ошондой эле спорттук оюндар менен машыгып жатышат. 20 күндүк лагерде жеткинчектерге жергиликтүү молдолор менен кошо Сирия жана Тажикстандан келген адистер билим берип жатышат. Эл ичинде чет өлкөлүк жарандардын кыргызстандык балдарга диний таалим бериши туура эмес деген пикир бар. Ал эми облустук казыят мунун баары мыйзамдын негизинде көзөмөлдө экенин айтууда.
Хайдарабад Индиядагы эң кооз шаарлардын бири. Калкы 10 миллионго чаап барган бул зор конгломераттын тарыхы да кызык. Шаардагы террордук кол салуулар тууралуу маалымат байма-бай болгондуктан, бул жер улуттар жана диндер аралык араздашуунун очогу экен деп ойлошуңуз мүмкүн. Ошол эле убакта диндер аралык мамиле бул демократиялуу өлкөдө коңшулаш Пакистанга караганда кыйла жакшы экендигин баамдоого болот. Бүгүнкү Хайдарабаддын турмушунан Кыргызстандагы кырдаалга окшош жагдайларды да байкоого болот. Шаардын илгертеден мусулмандар отурукташкан эски бөлүгүнө барган Жаңыл Жусупжандын сүрөт баяны.
Ош облусунун Өзгөн жана Ноокат райондорундагы медреселерде балдар үчүн жайкы диний лагерлер иштей баштады.
Тажик бийликтери өткөн аптада мечиттердин биринин имамынын жубайы менен жыныстык катнашы тартылган видео кантип интернетте таркап кеткенин иликтеп жатышат. Диний ишмерлердин таасири күч өлкөдө сексуалдык тасмада динаятчынын болгону чоң чырга айланды.
Ош мамлекеттик университетинде куран окутуу расмисине чектөө киргизилгени турат.
11-июнда түрк полициясынын атайын күчтөрү Таксим сейил багында демонстранттар курган тосмолорду бузуп, жыйнап алды.
Түркиядагы он күндөн берки демонстрацияларды секуляризм менен исламизмдин кагылышы катары сыпатташууда. Бирок Стамбулдун Таксим аянтынан хижаб жамынган кыз-келиндерди да көрүп жатабыз.
Дин эксперти Кадыр Маликов ислам билим берүү борборлорунун түйүнүн ачуу демилгесин көтөрүүдө.
Түркмөнстандын авторитардык бийлиги диний экстремизмдин коркунучунан улам исламчыларга катаал мамиле жасайт.
Чыгыш Европанын постсоветтик өлкөлөрүндө коомду модернизациялоону көздөгөн күчтөр ийгиликке жетишүүдө.