“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин президент Садыр Жапаровго кайрылып, басылманын жабылышы жөнүндөгү пикирине жооп кайтарды. Ал “Клооп” медиасы Жапаровду оппозицияда жүргөн учурундагы ишмердигин чагылдырып келгенин эске салып, эми соттун негизсиз чечими менен жабылганын билдирди.
Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы сот жообуна тартылган журналисттерди колдоо максатында “#ЧындыкҮчүн6Жыл” марафонун баштады. Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда жапырт камалган журналисттер боюнча өкүм чыгарып, эки журналистти абакка кесип, экөөнө пробациялык жаза берген.
Кыргызстандагы ондогон медиа каражаттарынын башын бириктирген аракеттеги медиа платформасы Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун сот жообуна тартылган журналисттерин колдоо максатында "#ЧындыкҮчүн6Жыл" деген аталыштагы публикациялар марафонун баштады.
Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдын иши Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Ага айыптоо актысы убагында жазуу түрүндө берилбегендиктен, жараян 14-октябрга жылган.
Молдо Кылычтын мурасы тууралуу илимпоз О.Сооронов менен жазуучу М.Абакиров ой бөлүшөт.
Бишкектин Ленин райондук соту Temirov Live каналынын мурдагы жана азыркы 11 журналисти боюнча өкүм чыгарып, Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга кести. Журналисттер Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага үч жылдык пробациялык жаза чегерилип, калган жетөө акталды.
Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир 8-октябрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан бошотулду. Мунун алдында Жогорку сот жазуучуну коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарган.
Сооронбай Жээнбековдун бийлигин алмаштырган Октябрь окуяларына төрт жыл болду. 2020-жылы 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл Ак үйгө кирип барган.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктарына арналган Варшавадагы жыйынында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзамдын кесепети сыяктуу маселе көтөрүлдү.
Жапырт иш козголгон 11 журналисттин сотунда шектүүлөрдүн дээрлик бардыгы акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгаруу кийинки отурумга калды. Журналисттер сотто коюлган айыптарды четке кагышты. Прокурор жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган.
27-сентябрда Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы “Укук бузуулар Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна байланыштуу талкуу өткөрдү.
Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы өкмөттү интернетте жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун артка кайтарууга чакырды. Талаштуу документте жалган кабарларды же пост-комментарийлерди жазгандарга 100 миң сом айып пул салуу сунушталган.
Дагы жүктөңүз