Кыргызстандык Тилек Машрапов 18-мартта Сеулда өткөн эр таймаш боюнча эл аралык мелдеште Австралиядан келген атаандашын 27 секундада нокаут кылган. Москвадагы кыргыздардын спорт клубунда машыгып жүрүп чемпион болгон Тилек жөнүндө Лазат Жаныбек кызынын баянында.
Коргоочу Азамат Байматов оюндун 71-мүнөтүндө гол киргизди.
"Ак кула" ат майданынын тегерегиндеги соттошуу аны оңдоого кедергисин тийгизүүдө.
"Ак-Кула" майданында улуттук ат оюндары болуп, элдин назары көк бөрүгө бурулду.
Нооруз майрамына карата уюштурулган Көк бөрү боюнча Бишкекте жана Ошто өткөн мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданындагы финалдык таймашта Оштун "Достук" жана Таластын "Ынтымак" командалары беттешти. Оюнга берилген негизги убакыт 7:7 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Кош
Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев буга чейин Орусиянын, Израилдин футбол командаларында ойногон. Учурда Түркиянын Ушакспор командасынын футболчусу.
Гүлайда Жоробекова бүркүт таптап, мүнүшкөрлүк менен алектенген Жалал-Абаддагы жалгыз аял. Эки жылдан бери атасынан мурас калган жалгыз бүркүтүн таптап, ата кесибин улантып келет. Ал кушу менен мелдештерге катышууну да көздөп жатат.
Кыргызстандын спорт тармагы, массалык спорт жана анын аймактарга мүнөздүү улуттук түрлөрүн өнүктүрүү мамилесине байланышкан “Азаттык” радиосунун суроолоруна Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Алмазбек Касенов жооп берди.
Манастан калган ордо оюну Талас өрөөнүндө кеңири жайылган. Акыл-ойду өстүрүүгө, ыкчамдыкка, тактыкка үйрөтүүгө багытталган ордо оюнунун өзгөчөлүгү тууралуу Альбина Сулайманова айтып берет.
Баткенде болсо ар бир аш-той, майрамдар күрөшсүз өтпөйт. Таймаштын бул түрүнө билеги күчтүү, шамдагай балбандар гана чыга алат. Кабарчыбыз Жеңиш Айдаров кененирээк кеп кылат.
Акыркы убакта Нарын облусунун бардык аймагында көкбөрү оюну кеңири кулач жайды. Улак тартышты дээрлик бардык айылда ойношот. Оюн кызыгына баткандар намыска жарасын деп жылкынын санын көбөйтүүнүн камында. Теманы кабарчыбыз Мирлан Кадыров улантат.
Ысык-Көл облусунда волейбол оюну кеңири жайылган. Айрыкча элет жеринде топ чапмай салтка айланган. Анткен менен волейбол ышкыбоздору менен машыктыруучулар спорттун бул түрү боюнча атаандаштыкты күчөтө турган мелдештер көп өтпөй, ага кызыгуу азайды деп кабатыр.
Дагы жүктөңүз