Улак тартып, биринчиликтен түшпөгөн, сууда сүзүп, алдыга атаандашын оздурбаган, футбол ойноп, мыкты оюнчу аталган спортчулардын аркасында бир гана машыктыруучу эмес, балдарына дем-күч берип турган апалар дагы бар.
Жалал-Абадда "Курманбек" стадиону реконструкциядан өттү. Стадион толугу менен эл аралык талаптарга жооп берери, ошондой эле VAR системасы орнотулганы маалым болду. Кыргыз бийлиги өлкө боюнча дагы 12 стадион оңдоп-түзөөдөн өтөрүн, инфраструктураны жакшыртуу менен футболду өнүктүрүү дымагын билдирди.
Кыргызстанда алгач ирет кёрлинг боюнча өлкө чемпионаты өттү. Кёрлингдин mixed double түрүнөн өткөн мелдешке төрт команда катышты. Кыргызстанда спорттун бул түрү менен 2016-жылдан тарта машыга башташкан. Өлкөдө кёрлинг менен 40ка жакын спортчу машыгат.
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытай Тайбэйин 5:1 эсебинде утту. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо 26-мартта өттү. Оюндагы голдорду Кыргызстан тараптан Жоел Кожо (үч гол), Християн Браузман, Кими Мерк жана Кытай Тайбэйи тараптан У Ен-Шу киргизди.
Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу өтүп жатат. Мелдешке Кыргызстандын, Ирандын, Индиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Филиппиндин курама командалары катышууда.
Бутуңузга каз таман жабдык байланып, тоого чыктыңыз беле? Калың карды жиреп баскан туризмдин бул түрүн өнүктүрүү аракети башталды. "Азаттыктын" кабарчысы Швейцариядан келген гид баштаган топ менен тоого чыгып келди. Адистер Ысык-Көлдө туризмдин бул түрүн жайылтуу маанилүү экенин белгилешет.
Кыргызстанда карапайым элдин турмушун жеңилдетип, тазалык ишканасын түзүп, үйүн бала бакчага берип, фитнес борбор ачып, бала бакча курдуруп, жол салдырган айымдар бар. "Азаттык" атайын Ошко сапар тартып, жигердүү айымдардын жетишкендерин тартып келди.
Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү ден соолугун оюн маалындагы ар кандай кырсыктардан милдеттүү түрдө камсыздандыра баштады. Чүй облусунун "Сары-Өзөн" командасынын оюнчулары алгачкылардан болуп Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан полис сатып алышты.
Дагы жүктөңүз