“Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты Кыргызстандагы массалык маалымдоо каражаттарынын тизгинин тартуу күчөтүлүшү мүмкүн деген кооптонуусун жар салган билдирүү таратты. Билдирүүдө президент Курманбек Бакиевдин Германияда дарыланып келгенден кийин өткөргөн өкмөт кеңешмесинде маалымат каражаттарында ар кандай маанидеги маалыматтардын жайылышына кабатырланып, өкмөт менен тартип коргоо органдарын мемиребей иштөөсүн талап кылышы эркин маалымат каражаттарын кысмакка алууга --> http://azattyk.kg/rubrics/free_speech/ky/2008/03/0D2FD691-43DF-4C47-8E52-FCD947774D06.asp жол берет деген кооптонуу айтылат.
Бүгүн укук коргоочу Максим Кулешов Бишкектин Алатоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында “Эркиндик үчүн баруудан коркпо!” деп аталган акциялар сериясын улантты. Ар дайым демократия коркунучта турганын жарыя салган акцияларды өткөргөн укук коргоочу бул жолку акциясын “Диктатураны колдойбуз!” деп атады. Дайыма акциянын башында кармалып кетчү Максим Кулешовго бул жолу милиция тийген жок. Мунун себебин ал акциянын темасы менен байланыштырып, бийлик башындагылар “акүйдө” жалгыз калганын, аларды демократиядан коргош үчүн бир аз колдоо көрсөтүп коюу керектигин айтты. Бир катар укук коргоочулар өлкөдөгү адам укуктары, демократия чындап эле чоң тоскоолдуктарга кириптер болгонун айтышып, бийликти ашкерелеген Максим Кулешовдун акциясын жылуу кабыл алышууда.
Бүгүн укук коргоочу Максим Кулешов --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/03/78218FF3-5526-4F4D-9085-034963E92FA7.asp Бишкектин Алатоо аянтында жана өкмөт үйүнүн алдында “Эркиндик үчүн баруудан коркпо!” деп аталган акциялар сериясын улантты. Ар дайым демократия коркунучта турганын жарыя салган акцияларды өткөргөн укук коргоочу бул жолку акциясын “Диктатураны колдойбуз!” деп атады.
Экономикалык жана административдик иштер боюнча Жалалабат облустук соту 17-мартта «Сентябрь» телеканалынын мунарасына байланыштуу райондор аралык соттун аныктамасын күчүндө калтырды. Райондор аралык сот 5-ноябрда мунара үчүн ажыратылган жер жөнүндөгү буйрукту мыйзамсыз деп таап, аны башка жакка көчүрүп кетүү тууралуу аныктама чыгарган болчу. Соттун мындай тыянагын 18-мартта сыналгынын деректири Асылбек Текебаев өзүнүн «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү болгондугу үчүн жана саясий буюртманын негизинде телеканалды жабуу аракети көрүлүп жаткандыгын билдирди. Бирок мындай айыптоону сотко катышкан облпрокуратуранын өкүлү жокко чыгарды.
Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянтта аталган кыймылдын жыйырмадан ашык мүчөсү парламенттин азыркы курамынын тарашын талап кылып нааразылык иш-чара уюштурду.
Ош шаардык мэриясы "ток уурулук менен кармалганыбызды далилдесин, болбосо 103 934 сом өлчөмүндөгү доо төлөсүн" деп республикалык «De-фaктo» гезитин сотко берди. Маалыматты жайылткан «Ош-Электро» ачык акционердик коому мындай факты болгондугун дале кайталоодон тажай элек. Ал эми журналисттер чөйрөсү жергиликтүү бийликтин мындай кадамын басма сөзгө кысым, оппозициялык маанайдагы трибунаны жаптыруу аракети катары баалашууда.
Маектешкен Жазгүл Жамангулова, Чүй Максим Кулешовду коомчулуктун калың катмары адам укугун коргоо жаатындагы иш-аракеттери, көп өткөрүлүп турган акциялары менен тааныйт. “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Жазгүл Жамангулова укук коргоочу Максим Кулешовду кепке тартып, анын кыялдары, болочок пландары жана Кыргызстандагы адам укугу тууралуу суроолорду узаткан.
Президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерин “Ар-намысыма жана атуулдук абийириме шек келтирди” деп сотко берди. Аты аталган гезиттер 2007-жылдын 21-мартында Асылбек Салиев 27 жаштагы Акбар Молдокуловду машине менен коюп кеткен болушу ыктымалдыгын баяндаган макала басып чыгышкан. Эми президенттин иниси сотто эки гезиттен жалган жалаа жапты деп 1 миллион сомдон, ал эми макаланын авторлорунан 500 миң сомдон талап кылары айтылууда. Ал эми гезит жетекчилери алар баскан макалада эч кандай бирөөнүн ар-намысына шек келтирген сөздөр жоктугун, бул жөн гана кысым болушу ыктымалдыгын айтып жатышат.
Бүгүн түшкү саат 13:00дө укук коргоочу Максим Кулешов Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында “Мен ишенгим келет!” деген аталыштагы нааразычылык иш-чарасын өткөрдү. “Айлананы караңгылык каптады, андан жарык таап чыгып кетүү зарыл” деген М.Кулешов БШКнын алдына “үмүт шамдарын” жагып жаткан жеринен аны милиция кармап кетти. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны көпкө кармабай бошотуп жиберишти. Анткени, райондор аралык сот бүгүн укук коргоочулардын шаардык кеңештин токтомуна каршы арызын канааттандырып, андагы шаар ичинде митинг-акцияларды өткөрбөө керектиги айтылган маселени тактап берүүсү үчүн конституциялык сотко жолдогон. Укук коргоочулар мунун туура чечим болгонун айтышууда.
Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Улуттук телерадиокорпорациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабы менен 31-январда айрым кызматкерлер ачкачылык чарасын башташкан. Ошондой эле Мелис Эшимкановдун УТРКга жетекчилик кызматка келгенине 100 күн болду. Кабарчыбыз Замира Кожобаева УТРКны реформалоо ишинин жүрүшү, Улуттук телеканалдын маалыматтарды чагылдыруудагы мындан аркы саясаты боюнча Мелис Эшимканов менен маектешкен.
Айгүл Жунушалиева, Бишкек 31-январда Биринчи Май райондук сотунда ”Мен ишенбейм...” акциясынын 6 мүчөсүнүн иши каралды. Парламенттик шайлоонун тыянактарына нааразы болгон “Мен ишенбейм...” кыймылынын 11 мүчөсүн 28-январда Жогорку Кеңештин алдынан милиция кармап, иштерин сотко берген. Аларга “нааразылык акцияларын өткөрүү эрежелерин бузду, милицияга каршылык көрсөттү” деген айыптар тагылган.
29-январда Жалалабатта облустагы жалгыз көз каранды эмес телеканал болуп саналган “Сентябрь” сыналгысынын мунарасына байланыштуу соттун экинчи олтуруму болду. Сот иши Сузак райондук архитектура башчысы келбегендиги менен Каралма токой чарбасынын башкы токойчусун чакыртууга жана сыналгыга берилген жердин картасы жоктугуна байланыштуу 6-февралга жылдырылды. Соттун улам артка жылдырылышын сыналгынын түштүк аймагындагы деректири Асылбек Текебаев аны саясий оюн катары бааласа, карапайым жарандар бийлик соттун колу менен эркин сыналгыны жабууга аракет кылып жаткандыгын белгилешти. Облбийликтин маалымат кызматы мындай айыптоолорду четке какты.
Дагы жүктөңүз