2010-жылы 7-апрелден кийин бир катар банк уячаларынан алынган миллиондогон доллар акчалардын дайын-дареги коомчулукка бүдөмүк бойдон калууда.
Индонезияда маңзат менен кармалган кыргыз кызы Жибек Сакеева африкалык бир таанышынын жүгүн бул өлкөгө жеткирүүгө макул болуп, бирок анда маңзат бар экенин билбегенин айтууда.
Жергиликтүү сейсмологдор бир топ убактан бери эле Кыргызстанда күчү 5-8 баллга жеткен жер титирөө болушу ыктымалдыгын кулак кагыш кылып келет. Мындай шартта айылдардагы, айрыкча Бишкектин жака-белиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн 60-70% туруштук бербей, кулап калышы мүмкүн экенин адистер белгилешүүдө.
Бишкекте жугуштуу илдеттерди изилдөөчү биолабораториянын курулушуна бир катар экологдор, укук коргоочулар жана жергиликтүү тургундар каршы чыгууда.
Ошто "Носталжи" кафесиндеги барымта боюнча тергөө уланууда. Былтыр 14-июндагы бул окуяда кордолгон айымдын арызынын негизинде кылмыш иши ачылган.
Орусиянын Федералдык миграция кызматы иш берүүчүлөр менен эмгек мигранттарынын ортосундагы коррупциялык схемаларды жоюу максатында гастарбайтерлердин айлык акысын текшерүүдө.
“Альфа-Телекомго” таандык делген “Мегакомдун” 51 пайыз үлүшү эмнеге учурунда улутташтырылбай калган деген суроо коомчулукта кызуу талкууланууда.
Кыргызстанда "секуляризм түшүнүгү элди бузат" дегендер үнүн бекем чыгарууда. Араб өлкөлөрүндө радикал исламчыл көз караштарды көпчүлүк колдобойт.
Перизаттын багы бар экен, барымтадан аман чыккан, бирок кордук көргөн кыргыз келин балдарын ойлоп, жашоодон кечип кете албай күн өткөрүп келет.
Ош шаар акими М.Мырзакматов «Ош ТВнын» ээлеринин бири Х.Худайбердиевдин бул компаниянын үлүшүн тартып алганы тууралуу доосун четке кагууда.
Бишкектеги "Ата-Түрк" паркындагы бак-дарактарды аёосуз кыйып, бул жерге үй салуу аракеттери дале уланууда.
Түштүктөгү кооганын мезгилинде Кыргызстанга Өзбекстандын армиясын киргизүү талабын четке каккандардын бири - Надежда Атаева айым болду.
Дагы жүктөңүз