АКШда террордук уюм деп таанылган Йемендеги хуси козголоңчулары Санаа шаарына жана айланасына урулган 10го жакын сокку үчүн Вашингтонду айыптады. Анын алдында Иран колдогон топ АКШнын өнөктөшү болгон Израилди бутага алып, бир нече дүрмөт Тел-Авивидеги эл аралык аэропортко тийген.
Краснодар крайындагы Геленжик шаарында курулушта үч кыргыз жаранын уранды басып калып, каза тапты. Бир киши ооруканага түштү. Йемендин башкалаасы Санаага сокку урулуп, ал үчүн хуси козголоңчулары АКШны айыптады. Ишембиде хусилер Тел-Авивидеги эл аралык аэропортко ракета аткан.
Кыргызстанда дагы бир аял, ЖОЖдун окутуучусу өздөрүн ИИМ, УКМК жана Улуттук банктын кызматкерибиз деп тааныштырган шылуундарга жем болгонун айтып чыкты. Буга чейин алдамчылар ушундай эле схема менен журналистти алдап кетишкен.
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 24 баскычка артка кетти. Запорожьеде орус армиясынын соккусунан 30 чакты киши жабыркады.
Запорожьеде бейшембинин кечинде орус армиясынын бир нече соккусунан 30 чакты киши жабыркады. Жергиликтүү бийлик бутага шаардын жарандык инфраструктурасы алынганын билдирди.
30-апрелде жана бейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын кеминде 11 облусуна дрон менен сокку урганын жергиликтүү бийликтер билдирди. Маалыматка караганда, Одесса шаарында эки киши набыт болду. Ошол эле күнү Вашингтон менен Киев минералдык ресурстар боюнча келишимге кол койду.
Одессада Орусиянын чабуулунан эки киши набыт болду. АКШ менен Украина сейрек минералдар боюнча "тарыхый" деп сыпатталган келишимге кол коюшту. АКШда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар депортация болуп, Өзбекстанга учуп келишти.
Расмий Исламабад Индия жакынкы күндөрү Пакистандын аймагына сокку урууга даярданып жатканын билдирди. Эки коңшунун ортосундагы чыңалуу Индиянын Кашмир аймагында 22-апрелдеги кол салуудан 26 киши каза болгондон кийин курчуп кеткен. Улуттар Уюму, АКШ эки тарапты чыңалууну басаңдатууга чакырууда.
Бишкектин 1-Май райондук соту Боршайком мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитовду жана анын аялы - Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, үй камагына алды. Айжигитов атайын кызмат тапкан айыпты "саясий куугунтук" деп баалаган.
Расмий Исламабад Индия жакынкы күндөрү Пакистандын аймагына сокку урууга даярданып жатканын эскертти. Эки коңшунун ортосундагы чыңалуу Индиянын Кашмир аймагында 22-апрелде кол салуудан 26 киши каза болгондон кийин курчуп кеткен. БУУ, АКШ эки тарапты чыңалууну басаңдатууга чакырууда.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путиндин Жеңиш күнүнө карата согушту үч күнгө токтотуу сунушун кескин сындады. 28-апрелде Кремль Путин Жеңиш күнүнө байланыштуу ок атууну убактылуу токтотууну сунуш кылганын жарыялады.
"Маариф" мурдагы "Сапат" фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда диниятчы Фетхулла Гүлендин "кыймылына байланышы бар" делген негизде кармалганы маалым болду.
Дагы жүктөңүз