Өткөн жума аягында 2010-жылдын апрель окуясы боюнча Республикалык Аскер сотунун өкүмү чыкты. Башкы күнөөкөр делген мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары сыртынан узак мөөнөткө кесилишти.
Тарыхчы, публицист Тынчтыкбек Чоротегин учурда “Себат” системасына таандык окуу жайлар Кыргызстандагы таалим-тарбия көйгөйлөрүн чечүүдө олуттуу салым кошуп жатканын белгилейт.
2010-жылы 7-апрель окуясынын күбөлөрү “Азаттыкка” алты жыл мурдагы окуяларды айтып беришти. Кандуу окуянын катышуучулары кайрадан калкты калайманга түшүргөн андай окуя кайталанашын каалашпайт.
Жалал-Абаддагы митингде президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабы айтылды.
Аймактык кабарчыбыздын маалыматында митингге 50дөн ашык киши келди. Чогулгандардын алдына шаардын мурдагы мэри Максат Жээнбеков, Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асанов чыгып сүйлөдү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын “Кыргызстан” партиясынын эки депутатын фракция чечиминин жана фракция башчысынын сунушунун негизинде мандаттан ажыратууга барышы мыйзам бузуу менен катар парламенттик башкаруунун кадырын кетирген көрүнүш болду.
Кыргызстандагы Жогорку аттестация комиссиясы диссертацияны жактоону заманбап деңгээлге чыгарууга багытталган жаңы эрежелерди иштеп чыгып, өкмөт башчы аны бекитти. Бирок эрежелерден улам эгемен өлкөнүн илимпоздорунда айрым суроолор жаралды.
Пост-советтик Кыргызстан – көз каранды эмес мамлекет. Анын эгемендикке жетиши жагдайлардын көктөн түшкөн ыңгайлуу удулунун натыйжасы эмес, кылымдар карыткан карт тарыхы бар кыргыз элинин көз каранды эмес мамлекет куруу үчүн жүргүзгөн ырааттуу күрөшүнүн жемиши болду.
Сөз эркиндиги үчүн күрөштү биринчи кезекте ыңкылапчылар аздектеши керек. Ал эми азыркы бийликтегилер – негизинен 2010-жылдын ыңкылапчыларынан турат эмеспи.
Кыргызстан атуулдарынын шеринесинин (форумунун) ирегесиндеги айрым ойлор.
Үстүбүздөгү жылы “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы (КДК) элдик бирикмесинин чейрек кылымдык мааракеси Кыргызстанда салтанаттуу белгиленип жатат.
Дагы жүктөңүз