Ошентип Кыргызстан эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын белгилеп жаткан кези. 20 жыл бизге эмне жаңылык берди, эмне өзгөрүүлөр болду жана эмне утуп, эмнени уттурдук деген суроо ар бир эле жаранда пайда болсо керек.
Редакциядан: Журналист Уланбек Эгизбаев "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан баштап иштей баштаган. Бирок студент кезинен тарта биздин сынактарга катышып, интернет сайтыбызга кызыктуу пикирлерин жарыялап келген. Ал "Азаттыктын" 2011-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты ой толгоолор үчүн жарыялаган сынагында жалаң "к" тамгасынан түзүлгөн "Келечек колубузда..." баянын сунуштап, баш байгени утуп алган. Уланбек Эгизбаевдин ошол баянын кайрадан окурмандарга сунуштайбыз. (25-июль, 2018-жыл)
"Азаттык" Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгына байланыштуу мыкты баян, ой толгоо жана ошол кезди таамай чагылдырган сүрөттөр үчүн сынак жарыялайт.
No media source currently available