Грузиянын борбору Тбилисиде коронавирустан дарылаган ооруканаларда орун тартыш болуп жатат. Ал арада Казакстан орус вакцинасын өндүрө баштады. Өзбекстан коронавирустун жаңы штаммы катталган сегиз өлкөнүн жарандарына убактылуу чектөө киргизди.
Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен башталган 200 орундуу оорукананын имараты курулуп бүттү. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилгени турат. Ооруканага ыңгайлашкан тез куралчу имарат дарыланууга зарыл болгон бардык шарттар менен камсыздалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Оштогу белгилүү ишкер Жалил Атамбаевдин 1000дей кишиге берген тоюна байланыштуу иликтөө ишин баштады.
АКШда коронавирустун вакцинасы жер-жерлерге жеткириле баштады.
Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан 28 кош бойлуу аял көз жумду.
Вакцина өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орунда турган Индия коронавирус пандемиясын ооздуктоо боюнча глобалдык күрөшкө киришүүгө даярданууда.
Орусияда коронавируска каршы жапырт эмдөө жарыяланды. Вакцина сыноолоруна катышкан кыргызстандыктар да бар.
Казакстан 22-декабрдан тартып Орусиянын коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын жасай баштарын кабарлады. Ага ылайык, алгач ушул айда эки милилон доза вакцина даярдалат.
Бишкек мэриясы коронавирус илдети күчөп турган маалда карантинге жабылган кинотеатрлар менен тез татым жайларын кайрадан ачты. Мэрия санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо боюнча жоопкерчиликти жогорудагы мекемелердин жетекчилигинин мойнуна жүктөп жатат.
Дагы жүктөңүз