Кошмо Штаттарда коронавирустан көз жумгандардын саны жарым миллионго чамалады. Ал эми дүйнөдө бул илдеттен ажал тапкандардын саны эки жарым миллионго чукулдады.
Адистер калктын 70% эмделсе, пандемияны ооздуктаса болорун айтышат. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөгө даярдык кандай жүрүп жатат? Жөнөкөй адамдар эмделүүгө канчалык дилгир, кыска мөөнөттө иштелип чыккан препараттарга элдин ишеними кандай?
Кыргызстанда пневмонияга чалдыккан балдардын саны январь-февраль айында көп катталууда. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борбору кошумча 150 орун ачып, азыркы тапта анын баары толгон. Ошондой эле коронавирус, ага кошумча Кавасаки синдромуна окшош илдеттер да катталууда.
Дүйнөнү тооруган коронавирус Кытайдагы лабораториядан тараган эмес. Мындай жыйынтыкка Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери баштаган топ Ухань шаарында иликтөө жүргүзгөндөн кийин келди. Адистер вирус адам баласына жаныбардан жуккан деп эсептешет.
Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши сотто карала баштады. Ал коррупцияга айыпталып, казынага 2 млрд сомду төлөп берген. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кызматтан кетти.
Дүйнөдө коранавирустун жаңы түрлөрү жайылып, бир катар мамлекеттерде карантин чаралары катаал бойдон сакталып турат.
2-февралда Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды. Орусия өндүргөн "Sputnik V" вакцинасынын 20 миң дозасы коңшу өлкөгө дем алыш күнү келди.
Москвада Алексей Навальныйдын сотунун алдында бир нече киши кармалды. Бүгүн сот оппозиционердин шарттуу жазасын түрмөгө алмаштырды.
"Яндекс" компаниясы Москва бийлигинен анын кызматтарында иштеген чет өлкөлүк такси айдоочуларын жана курьерлерди коронавируска каршы эмдөөнү суранды.Москванын вице-мэри Максим Ликсутов буга чейин жарандыгы жана камсыздандыруу полиси жок мигранттарды эмдөө сунушун колдой турганын айткан. Ал эми Оруси
Дагы жүктөңүз