Ош облусунда коронавирус жуктургандар алгач Ноокат районунда катталган. Алгач дарыгерлерге коргонуучу каражаттар жетпей, эл дүрбөлөңгө түштү. Дарыгерлер ошол учурда коркконунан ыйлаган, жумушка келбей койгон, кызыл аймакта иштеп, каза болгон кесиптештерин эскеришет.
29-мартта Kыргызстанда коронавирус илдетине каршы эмдөө башталды. Ал максатта Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. Биринчи болуп Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев ийне сайдырды.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы толук такталганын Камчыбек Ташиев билдирди. Пандемия күчөп турганда Саламаттык сактоо министрлиги зарыл жабдыктарды үч эсе кымбат сатып алган. Түркиядагы уйгурлар Бээжиндин Шинжаң саясатына каршы акцияга чыгышты.
Бишкекте бүгүн, 26-мартта "COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен" электрондук китебинин бет ачары болуп өттү.
Кыргызстанда келерки аптадан баштап коронавируска каршы кытайлык компаниянын вакцинасы менен эмдөө башталат. Ал вакцина менен эмдөөгө каршы болгондор да бар.
Күйүүчү майдын баасын ооздуктоо үчүн өкмөт Казакстан менен Өзбекстандан чийки зат алып келет. Бишкектеги “ТЭЦ-2” конушунун тургундары Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан баңгизат колдонгондон улам көз жумганы аныкталды.
Дагы жүктөңүз