Кыргызстанда “Ишкер аялды колдо” деген ат менен өнөктүк башталды. Анын максаты - ишкерликке ынтызар аялдардын бизнес жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн колдоого алуу болуп эсептелет.
Тогуз жаштагы Аяна эрендердин эр оюну - көкбөрү ойноо үчүн өзүн азыртадан даярданып келет. Анын кыялы - Кыргызстандын тарыхында алгачкы “улакчы кыз” болуу.
Баткендин чек аралаш айылында жашаган Айпери элеттин турмушун, ой-толгоолорун "Инстаграмдагы" блогуна чыгарат.
Ташкенттик активист, адам укуктары боюнча юрист Дилфуза Куролова Борбор Азиядагы кыз-келиндердин укугу тууралуу ой бөлүштү.
Социалдык тармактарда бети-башы көгала болуп, сабалган аялдын сүрөтү жарыяланган.
Колунда бар аялдын эсебинен жан баккан жигиттер тууралуу кыргыз коомунда анча сөз боло бербейт. Бирок психолог адистер соңку кездери ушундай алдамчылыкка кабылып, бүт мүлкүн сатып, сызга отуруп калган аялдар көбөйүп баратканын белгилешет.
Эки аптадан бери социалдык тармактарда ала качууну пропаганда кылган жарнамалар талкууланып жатат. Колдонуучулардын нааразылыгынан улам видеону тарткан актерлор жана ишкерлер тасманы өчүрүп, элден кечирим сурашты.
Карантин учурунда жардам сурап кайрылгандардын басымдуу бөлүгү жалгыз бой, балалуу аялдар болууда. Бул туурасында азык-түлүк таратып жүргөн ыктыярчылар да айтып жатышат.
Кыргызстанда күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын саны азайбай келет. 23-сентябрда Талас шаарында 26 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты.
Дагы жүктөңүз