Карантин учурунда жардам сурап кайрылгандардын басымдуу бөлүгү жалгыз бой, балалуу аялдар болууда. Бул туурасында азык-түлүк таратып жүргөн ыктыярчылар да айтып жатышат.
Кыргызстанда күйөөсүнөн кордук көргөн аялдардын саны азайбай келет. 23-сентябрда Талас шаарында 26 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты.
Ар кандай шартта Сирияга кетип, ошол жактагы лагерлерде катаал шартта күн кечирип жаткан кыздарын, неберелерин эртерээк алып келип берүүнү бийликтен өтүнгөн энелер «Азаттыкка» арманын айтышты.
БУУнун Өнүктүрүү программасы айылдык аялдарга карата коомдо калыптанып калган көз караштарды, башкача айтканда стереотиптерди аныктоо максатында изилдөө жүргүзгөн.
Бишкектеги Ош базарында башка улуттагы эркек менен кетип баратканы үчүн зомбулукка кабылган келин тартылган тасма коомчулукта кызуу талкууга түшүп, ача пикирди жаратты.
Кыргызстанда гендердик теңчиликке формалдуу мамиле жасалып, коомдо, үй-бүлөдө аялды басмырлоо маанайы күч экени айтылып келет. Сексизм же аялдарды басмырлоонун күңгөй-тескейи тууралуу “Аялзат" берүүсүндө сөз кылабыз.
Тор артындагы сүйүү
“Аялзат” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы 11 жыл үй-бүлөлүк турмуштун 7 жылын кордук, зомбулук менен өткөрдүм деген Нурипа жана үй-бүлөлүк зомбулуктун азайбай жатышы тууралуу сөз болот.
Республика боюнча аракечтикке берилген адамдардын расмий саны 40 миңге жакын. Алардын 4,5 миңге жакынын аялдар түзөт. “Аялзат” программасынын бул жолку чыгарылышы ушул темага арналды.