Айсулуу Борбуева тигип жаткан эко-жаздыкчаларды синтетикалык буюмдарга аллергиясы барлар, заарасын кармай албагандар, гинекологиялык жактан дарылануудан өтүп жаткандар, төрөтү оор болгондор, операциядан чыккан аялдар жакшы алууда.
Азия өлкөлөрү Индияда тараган коронавирустун "дельта" штаммы менен күрөшүп жатышат. Акыркы апталарда Кытай, Жапония жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө вирус жугузуп алгандардын саны кескин өсүп, Түштүк-Чыгыш Азияда "дельта" штаммы тез жайылууда.
Түркияда коронавирус көрсөткүчтөрү июль айына салыштырмалуу көбөйгөнү байкалууда. Расмий Анкара вирусту жуктуруп ооруканада жаткандардын 95 пайызы эмдөөдөн өтпөгөн жарандар экенин ачыктады.
Түркияда коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйдү. Саламаттык сактоо министрлиги калктын төрттөн бири гана коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын алганын, калганы такыр эмделе электигин кабарлады.
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Черикбай Баялиев күн алыс жайлоого жөө барып келет. Айыл менен жайлоонун аралыгы 100 чакырым. 60ка чыккан аксакалдын Бишкекке чейин жөө барсам деген тилеги да бар.
Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева курамына кирген эл аралык комиссия пандемиянын сабактары тууралуу сентябрь айында жаңы баяндамасын жарыялаганы турат. Экс-президент баяндаманын чоо-жайын “Азаттыкка” маегинде айтып берди.
UNICEF жүргүзгөн акыркы иликтөө өспүрүм улан-кыздардын көпчүлүгү пандемиянын оор шарттарынан улам психологиялык жактан жабыркап, бирок жан дүйнө дартын эч кимге айтып бөлүшө албай, кыйналган учурлар көп экенин көрсөттү.
Ысык-Көлдө эс алуу жайлары эпидемиологиялык кырдаалдан улам толук ачыла элек. Бирок эс алуучулардын агымы күн санап өсүп, алар бош орун таппай убара болуп жатканын айтып жатышат.
Акыркы күндөрү коронавируска каршы эмделгенден кийин деле вирус жуккан учурлар катталууда. Буга эмне себеп болот? Вакцина вирустан 100% коргойт деген кепилдик барбы? Эмделген адам башкаларга вирус жуктурабы же жокпу? Ушул жана башка суроолор коомчулукта кызуу талкууланып келет.
Катар мамлекетинин адистери Кыргызстанда 150 балага жасалма кулак жабдуусу - кохлеардык имплант тагып берет. Ар бир импланттын баасы 25 миң доллардан жогору, бирок, алар жабдууну акысыз тартуу кылышмакчы. Долбоор үч жыл ичинде ишке ашат. 24-июнда башталган бул операциялардын биринчи этабында беш жаш
Дагы жүктөңүз