Бишкекте Элдик курултайдын жыйыны бүттү. Курултайдын экинчи күнүндө Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттерди бошотуу маселеси көтөрүлдү. Айрым делегаттар президент Садыр Жапаровду командасын тазалоого чакырып, жемкорлук менен күрөш акыйкат жүрбөй жатканын айтышты.
Бишкек мэриясы муниципалдык жерде турат делген №12 гараж кооперативинин жерин бошотуу иштерин баштады. Ал жерге унаасын токтотуп келген 200дөн ашык гараж ээси алар 50 жыл колдонгон жерди алуу мыйзамсыз экенин айтып нааразы болушууда.
Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды. Дарыгерлер эмдөө менен жатын моюнчасынын рагынан сактанууга болорун эскертишет. Адамдын папиллома вирусу деген эмне? Эмдөө эмне үчүн маанилүү? Бул суроолорго жоопту видеодон табасыз.
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө ноябрь айында башталарын билдирди. Ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцина алуу коопсузбу? Эмдөө кайсы жайларда жүргүзүлөт? Өспүрүм кыздар эмне үчүн эмдөөдөн өтүшү керек?
Бишкектин түштүк тарабында Кыргыз-Азербайжан достук сейил багы ачылды. Анын аянты беш гектарды түзүп, амфитеатр, балдар аянтчасы да бар.
50 жылдык тарыхы бар мамлекеттик цирктин капиталдык ремонтуна 200 миллион сомдон ашуун каражат керек. Көчөлөрдү гүл менен кооздоп туруу салтка айланган Ноокендеги Достук айылы.
Чолпон-Ата шаарында 19-августта майыптыгы бар жарандардын жүрүшү башталды. Жүрүштүн катышуучулары 135 чакырымды басып, 24-августка чейин Каракол шаарына барышат. Биринчи күнү алар 25 чакырымды басып өтүштү.
Соң-Көл жайлоосунда быйыл Нарын районундагы эки айылдын бала бакчасы иштеди. Мындан он жылдай мурда тарбиячы эжекеси менен жалгыз боз үйдү айланчыктап жүргөн жайлоодогу балдар эми өзүнчө китепканасы, ашканасы бар бала бакчага барууда.
Дагы жүктөңүз