Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюму менен чогуу климаттын өзгөрүүсүн токтотуу үчүн Улуттук деңгээлдеги салымдарды аныктоо деген планды кабыл алган. Ага ылайык беш жыл ичинде климаттын өзгөрүшүн мамлекет көзөмөлгө алышы керек.
Нарын шаарынын тургуну Калыйкул Ысыралиев чакан күнөсканасына анар, жүзүм, жаӊгак, роза гүлдөрүн жана башка өсүмдүктөрдү өстүрөт. Ал тоолуу аймакта бак-дарактын, жашылча-жемиштин түрүн көбөйтүүнү каалап, жакында эле павловния дарагынын көчөттөрүн да алып келди.
Быйыл Борбор Азиянын дыйкандары кургакчылык жана суу тартыштыгына кабылды.
Чүй облусунун үч районунун дыйкандары айдоо талаалары суу жетпей күйүп баратканын айтып, митингге чыгууда. Өкмөт болсо суу жылдагыдан аз келип жатканын айтып жатат. Мындай жагдайдан улам дыйкандардын эгин-тегини күйүп, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн деп эскерткендер да бар.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.
Өзбекстанда күн катуу ысып, рекорддук чектен аша баштады. Ал эми коңшу Казакстанда ысыктан жана кургакчылыктан бодо мал кырылып жатканы кабарланды. Күндүн катуу ысышы Түркмөнстанда да байкалууда.
Кыргыз өкмөтү 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди. "Азаттыктын" журналисттери дагы кенди жеринен барып көрүп келди.
Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенине байланыштуу “Центерра Голд” компаниясына койгон дооматтарды эл аралык арбитраждык сотто далилдей алат. Бул тууралуу Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Азаттыктагы” маегинде билдирди.
Тажик бийлиги 11-майда өлкөнүн айрым аймактарындагы селден кеминде тогуз адам каза болуп, 15 район жабыркаганын кабарлады. Шаршембиде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөгөн жамгыр негизинен Хатлон жана Куляб облустарынын аймактарын жууп кеткенин билдирди.
Казакстан менен Кытай чек арадагы Хоргос дарыясында суу сактагыч курууну пландаштырууда.
Германиянын эл аралык кызматташтык уюму (GIZ) Кыргызстанда токойлорду көбөйтүү жана элдин экологиялык сабаттуулугун арттыруу максатында бир катар иш-чараларды ишке ашырууда.
Дагы жүктөңүз