Кыргызстан Кумтөргө киргизген тышкы башкарууга 17-августта үч ай болду. Бийлик кенди тескөө дагы улантыларын жарыялады.
Гаитидеги зилзаладан ажал тапкандар 1300гө чамалады. Кариб деңизиндеги бул өлкөдө 14-августтагы жер титирөөнүн күчү 7,2 баллга чейин жетти.
Түркияда акыркы апталарда табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган жарандардын саны өсүүдө.
Кыргызстанда быйылкы жайда кургакчылык болуп, суу таңкыстыгы жаралды. Эң көп суу тартыштыгы Чүй аймагында байкалды. Айрым эксперттер Чүй өрөөнүнүн экологиялык кырсыктын жана экоциддин аймагы катары эсептөөдө.
Ош шаарынын Жапалак айылынын четинде жайгашкан арматура заводунун ишмердигине каршы болгон 100дөй киши 11-августта митингге чыгышты. Алар өндүрүш ишканадан чыккан зыяндуу заттар ага жакын жашаган тургундардын ден соолугуна зыянын тийгизип жатканын айтышты.
Эки жумадан бери Түркиянын эсин оодарган өрттүн 220 очогу толук көзөмөлгө алынды. 60 миң гектар жерди жалмаган тилсиз жоо 59 айылдын турак жайына, миңдеген айдоо аянтына залакасын тийгизди.
Жер планетасынын климаты «өтө тездик» менен өзгөрүп жатат жана буга адамдар күнөөлүү. Мындай билдирүү Улуттар Уюмунун климат боюнча жаңы чыккан баяндамасында жасалган. Дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары катуу ысык, суу ташкын, өрт, кургакчылык сыяктуу табият кырсыктары алдыдагы жылдарда мындан дагы көп
Ош шаарында 5-августта таңкы саат 05:00дөр чамасында таза суу берүү токтотулду. Шаар мэриясы тараткан маалыматка ылайык, Папан суу сактагычына жакын жылгалардан сел жүргөн.
Бишкектеги Ботаникалык бактын оранжереясында Кыргызстандын флорасында кездешпеген тропикалык жана субтропикалык экзотикалык өсүмдүктөрдүн 500 миңге жакын түрү өсөт.
Дагы жүктөңүз