Кыргызстанда кургакчылык, сугат суунун тартыштыгы дыйкандардын негизги көйгөйүнө айланды. Изилдөөлөргө ылайык, климаттык оош-кыйыштын кесепети ириде айыл чарбасына тиет. Адистер мындан улам келечекте азык-түлүк жана суу коопсуздугуна байланыштуу курч маселер жаралышы ыктымалдыгын эскертишет.
Токойчулар Чүйдүн Кегети капчыгайында кызыл карагайды курт каптап, кууратып жатканы үчүн четинен кыюуда. Бул токойдун калган бөлүгүн сактап калуунун аргасыз чарасы. Ага кошул-ташыл күндүн катуу ысып жатышы дагы токойду четинен кемирип жеген зыянкечтерди көбөйтүүдө.
Союз учурунда Жалал-Абаддын Чаткал районундагы Сумсар, Шакафтар айылдарында коргошун, уран казылып турган. Жабылган кендердин уулуу калдыктары жарым кылымдан бери толук зыянсыздаштырылбай турат.
Бекжан Кубанычбек уулу Ысык-Көлдүн түбүндөгү таштандыны өз ыктыяры менен тазалаган суучул. Тереңден тапкан таштандыларды видеого тартып, соцтармактагы ecodive_kg баракчасына жарыялап турат.
Кыргызстанда 1992-2023-жылдар аралыгында абанын орточо температурасы 1,3 градуска көтөрүлдү жана жакынкы жылдары дагы жогорулашы мүмкүн. Мындай климаттык оош-кыйыштын айынан өлкөдө жер көчкү, сел өңдүү табыгый кырсыктар дагы көбөйүшү ыктымал. "Азаттыктын" даректүү тасмасы.
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев мандатын тапшырды. Башка бир депутат Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигине сурак берип жатканы кабарланды. Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова менен эколог-активист Бермет Бөрүбаева милицияга сурак берип чыгышты. Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон калууда.
Кыргызстан илбирс туризмин өнүктүрүүгө умтулууда.
Акыркы он жылда Ысык-Көл өтө тездик менен тартылып баратканы дароо көзгө урунат. Климаттын өзгөрүшү, кургакчылык, мөңгүлөрдүн азайышынан улам Ысык-Көлгө куйган ондогон өзөн-сайлар соолуп калды.
Өзбекстанда дыйкандар жергиликтүү бийлик карызды өндүрүү шылтоосу менен алардын түшүмдүү жерлерин тартып алып, кытайлык инвесторлорго берип жатканын айтууда.
Кыргызстанда эт жана эт азыктары кескин кымбаттап, соңку бир жылда эле баа 14% өстү. Адистер кымбатчылыкты бир нече фактор менен байланыштырып, ага климаттын өзгөрүшү да себеп экенин белгилеп жатышат.
Акыркы он жылда Ысык-Көл өтө тездик менен тартылып баратканы дароо көзгө урунат.
Бишкек мэриясынын баш калаанын Профсоюз көчөсүн дагы 8,5 чакырымга узартуу планы талаш-талкуу менен коштолууда. Же төрт үй, же көрүстөндүн кайсы бир бөлүгү сүрдүрүлүшү мүмкүн экени айтылган. 1-февралда ал жерге мэрия жетекчилиги барып, чогулган жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.
Дагы жүктөңүз