Вашингтон президент Путиндин кеңешчилери чындыкты айтуудан коркуп, ага жалган маалымат берип жатканын билдирди. Ысык-Көл облусундагы "Эдельвейс" окуу борборунда “Байрактар” учкучсуз учактарын менен тактикалык машыгуу өттү. Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар соңку эки жылда кескин көбөйдү.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эгер Украинанын коопсуздугуна бир нече мамлекеттер кепилдик берип, өлкөнүн Евробиримдикке кошулушуна тоскоолдук жаралбаса Украина бир дагы аскердик уюмга кошулбайт.
2021-жылы Кыргызстандагы дыйкандар кургакчылыктын азабын тартышты.
Украин менен Орусиянын ортосундагы кезектеги сүйлөшүү Стамбулда башталды.
Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Адил Эмилбек уулу түтүн менен сүрөт тартат. Ал өзүнүн эмгектери менен элди экологияны сактап, жаратылышка аяр мамиле кылууга үндөйт.
Украинанын Мариупол шаарынын 100 миңдей тургуну камоолдо турат Украин президенти Владимир Зеленский туруктуу гуманитардык коридор ачууга тоскоол болуп жатат деп Орусиянын армиясын айыптады.
22-мартты Бириккен улуттар уюму эл аралык суу запастарынын күнү деп белгилеп келет. Окумуштуулар Борбор Азия чөлкөмүндө суу запастары улам азайып, мөңгүлөр эрип, алдыдагы жылдарда кургакчылык болушу мүмкүн деп божомолдошууда.
Украинада Львов шаарына сокку урулууда. Чабуул Киевде да күч алды. Оштогу Карл Маркс орто мектебинин эки окуучу кызы көп кабаттуу үйдөн бой таштады. Улуу Британия кыргызстандык эмгек мигранттарына эшигин ачты.
Украинада абал оор бойдон калууда. Расмий Бишкектин өз аскерлерин Украинага жөнөтүү планы жок экенин бүгүн 15-мартта Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевге козголгон кылмыш иши кыскарды.
Киевдин түндүгүндөгү конушта көп кабаттуу турак үй аткыланганда андан кеминде эки киши каза тапты. Украинадагы окуяларга байланыштуу азык-түлүк базарында ажиотаж башталганы белгилүү. Кыргызстандын бийлиги ишкерлер менен “жигиттик келишим” түздү.
Молдовалык Владимир Стойко 28 жашында Ысык-Көлгө эс алганы келип, ошол бойдон көлдү сүйүп калып калган. Кырк жылдан бери көл жээгинде жашап келаткан Стойко кыргыз бермети ага дем берип, жаратылыш менен таттуу мамиледе болууга үйрөткөнүн айтат. Азыр пенсионер жаш кезинде көргөн кайык станциясынын ишин жандантып, жаштарды сууда сүзүүгө үйрөткүсү келет.
Сулайман-Тоодо бадам гүлдөдү. Ошондой эле, жаздын келиши менен байчечекей баштаган гүлдөр ачты.
Дагы жүктөңүз