Кыргызстандык 300 адам Жапониянын фабрикаларында иштей алат.
Испания менен Португалияда аптаптан 700 адам каза тапты
3-июлда Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Стамбулда жолугуп, Кара деңизде кармалып турган 22 миллион тонна украин данын экспорттоо боюнча жарым-жартылай келишимге жетишти.
Жети-Өгүздө алгачкы ирет мөңгү көчкүсү катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын көлөмү 2 млн. куб метрден көп экенин, көчкү түшкөндө аны видеого тарткан туристтердин бири жеңил жараат алганын билдирди.
Талас районундагы Талды-Булак айылында курулуп жаткан май куя турган жайга айрым тургундар каршы. Алар жашап жаткан үй менен курулуп жаткан май куйган жай жакын жайгашканын жүйө келтирип, күйүүчү майдын чарбактагы өсүмдүктөргө зыяны тиет деп чочулашууда.
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 6-июлда өткөн нааразылык акциясынан кийин топурак казган карьердин иши токтоду.
Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрү берген артиллерия орус аскерлерине каршы согушта чоң натыйжа көрсөтө баштаганын айтты.
Быйыл Кыргызстанда тогуз миңден ашуун гектар жерди чегиртке каптаган. Азыр 47 миң гектар жерге атайын каражат жана техниканын жардамы менен дары чачылып жатат. Сүрөт баянда Чүй облусунун жайыттарындагы иштин жүрүшү баяндалат.
"Кыргызстандагы климаттын өзгөрүүсүнө агротокойчулук тоскоол боло алат" деген пикирин токойчулар бирикмесинин төрагасы Айткул Бурханов айтат. Ал бадам, мисте жана жаңгак эгүү менен экологиялык жана экономикалык көйгөйлөрдү чечсе болот дейт.
Бишкектеги “Ынтымак 2” паркындагы амфитеатр шаардыктардын маданий борборуна айланууда. Ал жерде эс алуучулар күнүгө кечинде ырдап-бийлеп, өнөрлөрүн тартуулап жатышат.
Балыкчыда 1950-жылдары курулган эт комбинатынын тегерегиндеги 4 гектардан ашык жер талашка түштү. Комбинаттын ээси Султан Урманаевдин аны алуу аракетин көрүп келет. Ал эми талашка түшкөн жердеги барак үйлөрдүн жашоочулары буга макул эмес.
Дагы жүктөңүз