Эсеп палатасы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз коротконун аныктады. Учурда ошол кезде кенди башкарган Тенгиз Бөлтүрүк баш болгон жетекчилер камакта.
Бишкектеги ыш маселеси кыргыз бийлигинин баш оорусуна айланды. Аткаруу бийлигинин 20-январдагы республикалык кеңешмесинде бул көйгөй талкууланып, шаар бийлигине жана министрликтерге бир катар тапшырмалар коюлду.
Көз жоосун алган керемет Кел-Суу соңку жылдары саякатчылардын сүйүктүү жерине айланды. Алыскы Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндөгү бул көлдүн популярдуу болушуна видео блогерлер дагы салым кошту.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев кырдаалга байланыштуу "Азаттыкка" маек берди.
Бишкекти ыштан арылтуунун негизги себептеринин бири катары айтылган жаңы конуштарды газдаштыруу иштери солгун. Шаардык бийлик элүүдөй конуштун жарымына араң газ жетип, анын болгону 30% жылытуу системасын көгүлтүр отко кошконун маалымдаган. Мындай жагдайга эмне себеп болууда?
Майлуу-Суу шаарында үзгүлтүккө учурган жылуулук менен ичүүчү суу калыбына толук келтириле элек. Жеринде жарандык коргонуу жана башка тиешелүү кызматтар кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Шаарды жылуулук менен камсыздаган үч откананын бири 14-январда ишке кирди бирок, таза суу чечилген жок.
Бишкектеги базарларда табышмактуу жагдайда кармалып, кургатылып, тутамдап сатылып жаткан уникалдуу кызыл колтук баканын "Кызыл китепке" киргенин баарыбыз билбейбиз. Тукум курут болуп бараткан кызыл колтук баканы сактоо эмне үчүн маанилүү? “Жашыл планета” түрмөгүнөн угуңуз.
Жалал-Абад шаарынын тургуну, 30 жаштагы ишкер Амирбек Масиралиев чакан ишкана ачып, желимди кайра иштетип жатат. Бир жылдан бери ал таштандыдан чогулткан 130 тонна желимден тиричилик буюмдарын жасаган. Ал муну менен экологияны коргоого салым кошкусу келет.
Мындан беш-он жыл мурда Кыргызстандын саздары менен сууларынан кызыл колтук баканы көпчүлүгүбүз көрсөк керек. Азыр бул баканы күндүз чырак менен да издеп таппайсыз. Адистер "Кызыл китепке" кирген кызыл колтук баканын жоголуп кеткенин биринчиден климаттын өзгөрүшүнөн, экинчиден, адамдардан көрүшөт.
Дагы жүктөңүз