Фрилансерлердин, аралыктан иштеген адистердин көбөйүшү менен Кыргызстанда коворкингдердин саны артууда. “Азаттык+” шаардагы коворкингдерди кыдырып, ижарага иш орун алып иштөө маданияты кандай өнүгүп жатканына кызыгып көрдү.
Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүгүү министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид Бишкектеги сапары жана Батыштын Орусияга салган санкцияларын сактоонун талабы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Лейлектин мурдагы Маргун, азыркы Мурас айылы Баткендин эң четки, облус борборунан алыс жайгашкан айылдарынын бири. Айылда элдин көбү мал чарбачылыгы менен тиричилик кылат. Ал эми кыз-келиндер колго соккон айтылуу Лейлек килемдери айылдагылардын негизги киреше булагы.
Жумгалдын Миң-Куш айылындагы уран калдыктарынын көчүрүлө башташы элеттиктердин тынчын алууда.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаевдин жаш кыздар боюнча айткан акыркы сөзу коомдо чоң резонанс жаратып, укук коргоо органдарын реформалоо боюнча кызуу талкууларга “жем” таштады.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы акыркы кагылыштан бери алты айдан ашык убакыт өттү. Өлкөлөр ортосундагы чек аралар жабык. Экономикалык байланыштар үзүлгөн. Республикалардын ортосундагы соода алакасы азайган.
Өлкөдөгү ар кандай туруксуз саясий кырдаалдарда, кыйын учурларда, ошол эле чек ара чырында, пандемияда жаштар дайыма өз салымын кошот, ыктыярчы болуп, ар кандай демилгелүү топторго уюшат.
Нооруз майрамында жаштар кошумча киреше таап калууга шашат. Алар сүмөлөк, өнгөн буудай, боорсок сатып, элге ар кандай кызматтарын сунуштайт. “Азаттык+” майрам күнү шаар кыдырып, майрамдан акча жасагандарды издеди.
20 жыл мал менен алектенип келген Ала-Бука районунун тургуну Абылкасым Рахманов акыркы беш жылдан бери баш оту менен багбанчылыкка киришкен. Тажрыйба издеп чет өлкөлөргө чейин барып дыйканчылыктын жаңы ыкмаларын ачып жаткан Абылкасым Рахманов тууралуу «Жашыл планета» түрмөгүндө кеп кылабыз
Дагы жүктөңүз