Ысык-Көлдүн жээгинде курулушу башталган “Асман” экологиялык шаары коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Кыргыз бийлиги бул долбоорду заманбап, туристтик жана инвестициялык борбор катары сыпаттап келет.
“75чилердин каты” боюнча сот иши мындан ары ачык өтө турган болду. Футбол күйөрмандары төрт жылдан бери күткөн дүйнө чемпионаты башталууда. Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин аймагы аркылуу өтө турган жолду ачуу иштери башталды.
Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында сел агызып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү 8-июнга караган түнү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
5-июндун кечинде Ысык-Көл районундагы Бостери жана Булан-Сөгөттү айылдарынын ортосунда селдин айынан жер көчкү түштү.
Кыргызстанда бөйрөгү ооругандар саны бир жылда 20% өстү. Өлкөдө 250 миң киши аталган оорунун азабын тартып келет. Анын 4400ү канды тазалоочу гемодиализ аппаратынан көз каранды. Дарыгерлер ооруга туура эмес тамактануу, суунун сапатынын начарлашы жана климаттык стресс себеп экенин белгилешет.
ЕФЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлери Астанага саммитке чогулду. НАТОнун мүчөсү Румыниянын Галац шаарындагы көп кабаттуу турак үйгө орусиялык дрон тийип, эки адам жараат алды. Орусияга кирүүнү каалаган ар бир чет өлкөлүк эми атайын тиркеме аркылуу арыз калтырышы керек.
Жетим-Тоо темир кенине "Кыргызгеология" мамлекеттик мекемеси инвестор издеп жатат. Бул тууралуу 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды. Буга чейин Жетим-Тоо темир кенин иштетүү кытай тарапка берилет деген сөз тарап, президент Садыр Жапаров кенди мамлекет өзү иштете турганын билдирген.
“75чилердин каты” иши боюнча айыпталгандардын адвокаттары шаардык сотко даттанды. Израилдин улуттук коопсуздук министринин жоругу сынга кабылды. Орусиядан Кыргызстанга келип иштеген мугалимдер тууралуу да "Бүгүн Азаттыкта" берүүсүндө айтып беребиз.
Кыргыз өкмөтү өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу үчүн бензинге жана дизелге салыктык жеңилдиктерди киргизүүнү демилгеледи. Орусия менен Украинадагы согуштан улам кымбаттап келаткан мунай Иранда согуш башталганы дагы кескин кымбаттап, Кыргызстанга чейин таасир этти.
УКМКнын 22 кызматкерине кылмыш ишин козголду. Алардын айрымдары камакка алынса, башкалары үй камагында. Дональд Трамп Си Цзиньпинди «дос» деп атады. Бээжинде лидерлер эмнени сүйлөштү? Бензин дагы кымбаттайбы? Өкмөт бааны кармап туруу үчүн салыктык жеңилдиктерди киргизгени жатат.
Орус бийлиги бардык мамлекеттерди Киевден өз дипломаттарын чыгарып кетүүгө чакырды. Мындай чакырыкты эгер украин армиясы 9-майда Москвага сокку урса, сөзсүз жооп кайтарылат деп түшүндүрдү.
Дагы жүктөңүз