Өзүн Турсунай деп тааныштырган 33 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогуна чыдабай борбор калаадагы “Сезим” кризистик борборуна баш калкалоо үчүн качып келген. Уруштун көбү кызганычтан чыгат деген келин чиедей беш баласын өзүнө ала албай жатканын “Азаттыкка” айтып берди.
Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду уюштурган сурамжылоого катышкан балдардын 40 пайызы үйдө аталарын үлгү катары эсептебей тургандарын айтышкан. Ал эми кыздардын 43% болочок күйөөлөрү атасына окшош болушун каалабай турганын билдиришкен. Муну адистер аталардын үй-бүлө, баланын алдында
Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жана бала зордук-зомбулукка учурайт. Ал эми сурамжылоого катышкан аялдардын 40 пайызы үйдөн сырткары иштөөгө же окууга укугу жок экенин айтышкан.
Кыргызстанда аялдардын экономикалык көз карансыздыгы канчалык? Күйөөсүнүн же башка бирөөнүн колун караган аялдардын маселесин кантип чечсе болот?
Жакында химик-технолог, мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлбүбү Бектурганованын “Кыргыз аялдары мифтерде жана уламыштарда” деген китеби үч тилде жарык көрдү.
Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш менен аякташына тылда жана ооруктагылар олуттуу салым кошкондугу белгилүү. Ал кезде иш тандабай, кош айдап, буудай оруп, фронтко азык-түлүктөн баштап, жылуу кийим-кече жөнөтүп турган кыз-келиндердин ролу эбегейсиз.
Ата мекендик согушта алган жарлары курман болуп, оорукта жесир калган аялдар тагдырдын башка салганын, турмуштун кыйынчылыктарын мойнуна көтөргөн кайраттуу, сабырдуу, туруктуу чыныгы каармандар. Бирок тарыхчылар согуш мезгилиндеги баатыр аялдардын эмгеги көп эскерилбей, изилденбей калууда деп эсептешет.
2014-жылы миңге жакын баланы 16-17 жаштагы өспүрүм энелер төрөгөн. Бойдон алдырган миң аялдын жетөө 13-18 жаштагы кыздар.
Бул суроого көрүнүктүү саясий, коомдук, маданий, диний ишмерлер, укук коргоочу, студент ж.б. жооп беришсин.
Үй-бүлөдөгү зомбулук азайдыбы?
Дагы жүктөңүз