Кыргыз адабиятындагы мемуардык чыгармалардын алды саналган “Кылы үзүлгөн комузум» чыгармасынын автору, акын Тенти Адышева 40-жылдарда өсүп чыккан кыргыз аял интеллигенциянын үлгүсү катары саналып келет.
12-декабрь - Улуттук адабият күнүн белгилөө жөрөлгөсү болду. Кыргыз Эл баатыры, улут адабиятыбыздын таанымал классиктеринин бири Бексултан Жакиев көркөм сөздү кадырлагандардын майрамынын маани-мазмунуна токтолду.
Кыргызстандын Түрксой уюмундагы өкүлү, акын Кожогелди Култегин Бишкек студиясында уюштурулган бул сыябан-маекте түрк тилдүү элдердин маданий карым-катышын өркүндөтүү максатын көздөгөн Түрксой уюмунун ишмердиги, андагы Кыргызстандын орду, өз ара маданий алакалар тууралуу кеп салып берди.
Акын, жазуучу, котормочу, кинодраматург жана коомдук ишмер Омор Султанов 80 жашка толду. Даңкы далайга кеткен айтылуу эл акыны менен адамгерчилик, бийиктик, жалгыздык, сүйүү жана башка түбөлүктүү темалар тууралуу "Азаттыкка" маек курган.
Балдардын “Байчечекей” журналы кенжелердин аң-сезимин, табитин өстүрүүгө, аларды улуттук тилге каныктырууга кырк жылдан бери кызмат кылып келатат. Кенже муундун жалгыз түстүү журналы саналган “Байчечекейди” чыгаруунун түмөн түйшүгү, вазийпасы тууралуу анын баш редактору, эл акыны Токтосун Самудинов "Азаттыкка" маек курду.
Кыргызстан демократиялык кыймылы негизделгенине 25 жыл толду. Дал ошол КДКнын түптөлүшүнө башат болуп берген үй куруучу жаштардын “Ашар” кыймылынын лидери Жумагазы Садыр уулу Чоң Аюу кыргыз жаштарынын 80-жылдырдын этегинде кантип уюмдашкандыгы тууралуу баян курду.
Чек аралар өлкө менен өлкөнү, айыл менен айылды алыстаткан жер тилкеси. Айрым учурда бул тилке жүрөктөрдү да жарып өтүп, бир туугандык сезимдердин тамырына балта чабат.
Кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раев "Азаттыктын" "Сыябан" маегинде өз чыгармачылыгы, кыргыз маданияты, окурмандын табити тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Сыдык Эсенов 1980-жылдардын башында советтик армиянын атайын бөлүгүнүн курамында Сирия мамлекетинин аймагында жашыруун кызмат кылгандардын бири. Кетмен-Төбө өрөөнүндө туулуп-өскөн, советтик системанын көбүбүз билбеген саясатынын күбөсү болгон бул советтик аскер азыр Бишкек шаарында турат.
Философия илимдеринин кандидаты Калык Ибраимов 1992-1997-жылдары Аскар Акаевдин кыргыз тилиндеги докладдарын, кайрылууларын, сөздөрүн даярдоо боюнча жардамчысы болгон.
Дагы жүктөңүз