- “Талибан” кыймылы Ооганстанда согуш аяктаганын жарыялап, жакын арада өлкөнү башкаруу формасы аныкталарын билдирди.
Бишкектин борборундагы Байчечекей үйүндөгү 176-батирдин жашоочулары курулуш компаниясы алардын жанына мыйзамсыз үй куруп жатканын айтып митингге чыкты. Жашоочулар курулуш компаниясы спорт аянтчаларынын аймагын мыйзамсыз ээлеп алды деп, сотко кайрылып, бирок утулуп калган. Жерди сатып алгандар болсо
“Кыргызкөмүр” ишканасынын эмгек жамааты мамлекет башчысына кайрылуу жасады. Алар коррупцияга шектелип камакка алынган жетекчисине жалган жалаа жабылып жатат деп эсептешет. Кайрылууда 370 миң тонна көмүр уурдалууга мүмкүн эмес экени жазылган.
Кыргызстанда паракорлук жана бюрократияны сындаган комедия тартылды
Жалал-Абад шаарында кыргыз-кытай биргелешкен темир заводунун ээси УКМК кызматкерлеринин үстүнөн арызданып прокуратурага кайрылды. 5-июлда бул ишканага атайын кызматтын өкүлдөрү текшерүүгө барганы тууралуу видео тараган. Ишкер басымга кабылганын айтып жатат. Иштин чоо жайына кабарчыбыз Талгат Абжали
Оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-сентябрга чейин камакта калды. Ал президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап келген.
Түркмөнстанда Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов жолугуп, Кыргызстан Түркмөнстандын мунай, газ, энергетика тармагындагы ишканалары менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгиленди. Кечке жуук президент Жапаровдун иш сапары Тажикстанда уланды.
Тажикстанда кармалган кыргызстандык оор жүк ташуучу он чакты автоунаанын бир бөлүгү коё берилди. Кыргызстандын Акыйкатчысы муну барымта катары баалаган эле.
Июнь айынын башында сот чечими менен Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Анын мэриядагы коррупциялык схемага тиешеси бар экени айтылган. Амантуровдун иши УКМКда тергелип жаткан учурда атайын кызматтын имаратын айланта асфальт төшөлүп жатты.
Ош шаарында чырдан улам атайын кызматтын ыкчам кызматкери каза болду. Шектүүлөр кармалды, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.
Дагы бир ири камоо. Канадалык "Центерра" компаниясы менен жең ичинен сүйлөшүп, Кумтөр кениндеги мөңгүлөргө зыян келтирген деп мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев кармалды.
Дагы жүктөңүз