Эсеп палатасы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз коротконун аныктады. Учурда ошол кезде кенди башкарган Тенгиз Бөлтүрүк баш болгон жетекчилер камакта.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Болат Назарбаев дээрлик 300 миң гектар жер аянтынан кол жууду. Бул кабарды укук коргоо органдары эмес, Нурсултан Назарбаев түптөгөн "Аманат" партиясынын жетекчилиги жарыялады.
Кочкор районунда соңку бир айдан ашык убакыттын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү катышкан окуялар болду. Криминал менен "коюн-колтук алышкан" деген айып менен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси баштаган айрым милиция кызматкерлери иштен алынды, кээ бири камалды.
Кыргызстанда мамлекеттик «Керемет Банктын» бир нече жетекчиси жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери кармалды. Башкы прокуратурадан билдиргендей, алар “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” өңдүү кылмыштарга шектелүүдө.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары парламентте бийликтин кысымы күчөп, эл өкүлдөрүнүн чечим кабыл алуусуна таасир этүү аракети болуп жатканын айтышты. Aр бир бийликтин маалында парламентти көмүскөдө туруп башкаргандар болгон. “Азаттык” Жогорку Кеңештеги “көмүскө кардиналдарды” иликтеди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун диплом чырына чекит коюлбай, жарым жылдан бери арасат абалда турат.
Дагы жүктөңүз