Кыргызстан «ВСП+» системасын колдонууга уруксат алгандан бери Европага экспорту эки эсе өстү.
Былтыр мамлекеттик бюджеттин кирешесине дээрлик 6,5 миллиард сом чогулбай калды.
“Түштүк темир жолу” мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад шаарындагы темир жол жээгинде мыйзамсыз соода кылгандарды иретке келтире албай жатат.
Ысык-Көлдө картошканын баасы чыкпай, дыйкандардын эмгеги күйүп жатат. Айрымдары үмүтүн үзүп, аштыгын текейден арзан баага берип жатса, башкалары дагы эле илгери үмүт менен тонналаган түшүмдү жазга сактап турушат. Өкмөт өкүлдөрү картошканын баасы тууралуу азырынча жарытылуу деле кеп кылган жери жок.
Түркияда өлкөгө импорттоло турган дан азыктарына жана төө буурчакка бажы төлөмдөрү жоюлду.
Ош базарынын айланасындагы мыйзамсыз соода кылгандарга карата рейд жүрө баштады. Ленин районунун жетекчилиги мындай рейддер Ош базары “тазаланмайынча” улана турганын айтууда. Ал эми сатуучулар жергиликтүү башчылардын шарт түзбөй туруп, мындай чукул чараларга колдонгонуна нааразы.
"Азаттыктын" "Эл үнү" түрмөгүнө Ош базардын чет жагында болгон жаңжал туурасында тасма келип түштү. Биздин кабарчылар окуянын жеринен барып, тасмадагы соодагерлерди кепке тартты.
Глобалдык экономиканын жыл тогошкон мезгилдеги абалы кандай? “Соода согуштары” менен коштолгон 2018-жылдан 2019-жылга дүйнөлүк экономика кандай көрсөткүчтөр менен кирди?
Кирип келаткан 2019-жылы дүйнөдө кандай бурулуш, өнүгүүлөр күтүлөт? Чет элдик эксперттердин айрым анализдерине сереп салабыз.
Ош базарындагы көчөлөрдүн боюнда соода кылган соодагерлер жергиликтүү акимиаттын жана милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине нааразы болууда. Алардын айтымында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көп жылдан бери соода орундары үчүн негизсиз акча чогултуп келет. Акимиаттын өкүлдөрү мындай айыптоолорду четк
Бишкектеги ири базарлардын биринде соодагердин эстелиги орнотулду.
Ушу тапта дүйнөдө "Кара жума" (Black friday) күнү өтүүдө. Бул күнү бардык дүкөндөрдө 30, 50, 70 пайыз арзандатуулар болот. АКШда кардарлардын арзан товарларга кезек күтүүсү айрым учурда башаламандык менен жыйынтыкталат.
Дагы жүктөңүз