Талас шаарынын тургуну Орозбүбү Байдөөлөтова бөдөнө багуунун жолун өздөштүрүп жатат. Ал бөдөнөнүн жумурткасын, этин дарылыкка колдонот. Андан артканын сатып, киреше табат.
Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүүдө. Анда экономикалык өнөктөштөр соода-сатыкты күчөтүп, Орусия туш болгон санкцияларды талкуулады. Кечээ саммит алдында ири форум өтүп, анда экономикалык байланыш эле эмес, идеологиялык маселелер жөнүндө сөз болду.
Катуу жааган жамгыр Кара-Суу районунда 580 гектар пахтаны керектен чыгарды. Дыйкандардын көпчүлүгү зыян тартып, ушул тапта эгинди кайрадан эгүүнү ойлонуп жатышат. Кара-Суу районунун Айыл чарба департаменти зыян тарткан дыйкандарга өкмөт тараптан колдоо көрсөтүүгө убада берди.
Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон чоң масштабдагы көргөзмө-жармаңке менен башталып, анда өлкөдөгү туризмдин абалы талкууланды. Өкмөт быйыл бул тармакка өзгөчө көңүл буруларын, бул үчүн казынадан жылдагыдан көп каражат бөлүнгөнүн билдирди.
Улуттук валюта – сомдун кабыл алынганына 29 жыл болду. Сом чейрек кылымдан ашуун ар кыл шартта туруктуулугун сактаган улуттук валюталардын катарына кирди. Орусия-Украина согушунан улам пайда болгон дүйнөлүк валюта кризиси кыргыз сомунда да олку-солкулукту жаратууда.
Сузак районунда багбан байбиче фундук өстүрө баштады. Аталган дарактын Кыргызстандын климатында өнүп кетерин байкагандан кийин анын көчөттөрүн көбөйтүүгө өттү.
Норвегия, Түркиядагы жогорку маяналуу ишин таштап, кыргызстандык үч жигит Бишкекке кир жуучу каражаттарды чыгаруучу чакан цех ачкан.
Чынгыз Айтиев жубайы менен бирге сегиз жыл миграцияда жүргөн. Алар Москва шаарында бут кийим чыгаруучу заводдо эмгектенген. Жубайлар ал жерде бут кийим тигүүнүн жолдорун өздөштүрүп, Кыргызстанга кайтып келип өздөрү жашаган Өзгөн районунун Мырза-Аке айылына чакан ишкана ачышкан.
Дагы жүктөңүз