БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бир жолу колдонула турган желим буюмдардан баш тартууга чакырды.
2013-жылдан бери кыргызстандык "Салкын" текстил фабрикасы өндүргөн товарын КМШ өлкөлөрүнөн тышкары Европага чейин экспорттоп жатат. Эл аралык уюмдардын колдоосу менен фабрика быйыл жаңыланып, жылына 198 тонналык өндүрүмүн 408 тоннага чыгарды.
Үйлөнүү тоюн өткөрүү азыр Кыргызстанда кирешелүү бизнеске айланды. Колуктунун көйнөгүнөн тартып, ресторанды кооздоо, сүрөт, видео тартуу сыяктуу кызматтардын түрү ачылып, бул индустрияда миңдеген адамдар иш ордун тапты.
Бишкектин четиндеги “Супара” этнокомплексинде эл аралык “Кыргызстан Туризм Экспо” жармаңкеси өттү.
"Азаттык+" бул чыгарылышта айылды алга сүрөгөн азаматтар менен тааныштырат.
Аймактардын экономикалык абалы жана өнүгүү деңгээли активист аялдардын жыйынында талкууланды.
Ак-Талаа районунда жети гектар жерге алма көчөттөрү тигилди. Жаратылышы катаал, картөшкөдөн башка өсүмдүк өспөйт деген аймактын тургундары үчүн алма багы чоң жаңылык болуп жаткан кез.
Дүйнөдө каржы индустриясынын адистери байлыгынын “таза наркы жогору” деп эсептеген адамдардын жалпы акчасы биринчи ирет 70 триллион доллардан ашты.
Учурда Ошто кокон гилас бизнеси кызуу жүрүп жаткан маал. Жемиштин бул түрү бүгүнкү күндө Кыргызстандан тышкары Казакстанга жана Кытайга сатылып жатат. Дыйкандар быйыл кокон гиластын түшүмү жакшы болгону менен баасы арзан болуп жатканына нааразы.
Бишкекте "Айым баштайт" ишкер аялдардын жармаңкеси өттү. Анда шаар четиндеги беш жаңы конуштун аялдары бизнестери менен тааныштырды. Алар буга чейин социалдык ишкерлик курсун аякташкан.
Түркиянын Анталия аймагында туристтик сезон жети айга созулат. Бул аймактагы жүздөгөн мейманканаларда миңдеген чет өлкөлүк мигранттар эмгектенет. Алардын арасында кыргызстандыктардын саны жүздөп саналат. Тейлөө кызматында көп жылдан бери иштеп, тажрыйбалуу кызматкерге айланган кыргыз кыздары менен м
Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май 9,6 пайызга кымбаттады. Мунай ташуучулар биримдигинин маалыматына караганда, баанын эң жогорку чеги май айына туш келип, кымбаттоо 5,8 пайызды түздү.
Дагы жүктөңүз