Нарын Мамлекеттик университетинде окуган үч студент кыз биригип чакан бизнес ачты. Азыр алардын колунан кондитердик азыктар жана торттун түрү чыгып жатат.
Баткендик Улукбүбү Амирова улам жаңы жолдорду изденип жаны тыным албайт. Бир эле учурда батир, ашкана, аймактагы жалгыз менчик радиону иштетип келет.
Жалал-Абад шаарынын 54 жаштагы тургуну Салима Молдомусаева - акыркы он жылдан бери курулуш тармагында иштеп келе жаткан ишкер аялдардын бири.
Зайнапхан Базарбаева асыл тукум жылкыларды багат, гисар породасындагы койлорду көбөйтүп, заманбап касапкананы иштетет.
Финпол ишкерге тиешеси бар деген ишканалардын салыгын текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады.
Жайкы туристтик сезонго карата Ош аба майданынан «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна каттам кайра жанданды.
10 миң сомго бизнес баштаса болобу? Жаңы технологиялардын өнүгүшү, автоматташтыруу мигранттарга кандай таасир этиши мүмкүн? Үйдөн чыкпай, кантип дүйнөлүк компанияларга иштесе болот? Ушул жана башка суроолорго ишкер, «Ололохаус» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев жооп берди.
Айыл чарба министрлигинин ишине айтылган сын-доомат тыйыла элек. Бул жолу фермелер Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде министрлик менен дыйкандардын ортосундагы байланыштын жоктугун, дыйкандарды техника менен камсыз кылуу аксап жатканын айтышты.
"Ололо" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, ишкер Данияр Аманалиев өз бизнесин он миң сом менен баштаган. Ал кандай гана болбосун бизнести ушундай чакан каражат менен баштаса болоруна ишенет. Ишкерлик, Кыргызстандын келечеги жана IT тармагы тууралуу Данияр Аманалиевдин ойлору.
Ош шаарында ишканалардын салык үчүн карызы 35 млн. сомдон ашты.
Соң-Көлдө туристтерге замапбап эс алуучу жайды ачып жаткан жеке ишкер жергиликтүүлөрдүн коркутуусуна кабылды. Алар ишкерге "беш күндүн ичинде көчүп кетпесең, боз үйлөрүңдү өрттөп кетебиз" деп айтышкан.
Баткен өрүгүнүн бат даяр болгон ашкана сорту экспортко чыга баштады. Алгачкы түшүм өткөн жылга салыштырмалуу 10-15 сомго кымбат бааланды. Ак өрүк Орусияга жана Казакстанга сатылууда. Түшүм үчүн аба ырайы да ыңгайлуу болуп, сапаты да жакшы.
Дагы жүктөңүз