Ирандагы тополоңдо кеминде алты киши өлгөнүн, бир миңдей киши кармалганын өлкө бийлиги билдирди. Гонконгдо студенттер окуу жайдын кампусун курчоого алган полиция кызматкерлерине каршылык көргөзүштү. Орусия Украинага бир жыл мурда кармап кеткен эки аскердик катер менен буксирди кайтарды.
Президент Дональд Трамп АКШны климат боюнча Париж келишиминен чыгаруу жараянын баштады. Бул жараян бир жылга созулат жана президенттик шайлоонун эртеси аяктамакчы. Иран Фордо объектиндеги центрифугаларына газ жүгүртөрүн билдирди.
Ирактын борбору Багдадда жана бир катар аймактарда комменданттык саат киргизилди. Алдынкы күнү нааразылык акциялар маалында каза тапкандардын саны 18 кишиге жетти. Тажикстандык укук коргоочулар Сириядан кайтып келгендерге куугунтук башталганын айтып, коңгуроо кагып жатышат.
«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салууга жана анын кесиптик ишине тоскоолдук жараткан окуяга тынчсыздануусун билдирди. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов ички иштер министрин жыйындан кууп чыгып, кызматтан алды.
Украинанын аба мейкиндигинде 298 кишинин өмүрүн алган каргашага беш жыл. Француз министри Франсуа де Рюжи мамлекеттин акчасын ысырап кылганы тууралуу иликтөөдөн кийин кызматтан кетти. Коррупцияга айыпталган Перунун мурдагы президенти АКШда кармалды.
Тажикстанда абактагы 14 киши каза болду. Бийлик жаза өтөөчүлөр нан жеп, ууланган деп алгачкы тыянагын чыгарды. Гонконгдо он миңдеген адам, өзгөчө жаштардын жүрүшү жекшемби – 7-июлдун кечинде да уланды. Грециядагы парламенттик шайлоодо оппозициялык “Жаңы демократия” партиясы жеңди.
АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге жаңы санкция салды. Казакстанда аскердик кампадагы жарылуудан экинчи адам каза тапты. Сириянын согуш аймактарындагы кыргыз атуулдары жасалма документтер менен Кыргызстанга кайтууга аракет кылып жатканы белгилүү болду.
Кытайлык “Huawei” компаниясы Вашингтондун чечимине байланыштуу үн катты. Ооган президентинин кеңсесинде иштегендер аялдардан кызмат үчүн “төшөк мамилесин” талап кылганы кабарланды. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык кеңешинин "ардактуу төрагасына" айланды.
Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский куралдуу кармаш токтобой жаткан Донбасс аймагына барды. Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңда казактарга кысым жасалып жатканы тууралуу кабарларды «жалганга» чыгарды.
"Нур-Султан – менин борборум эмес, Токаев – менин президентим эмес" деген ураандар чакырылып, Казакстанда жүздөгөн адам нааразылык акциясына чыгышты. «Азаттык» Акорда Касым-Жомарт Токаевдин сүрөттөрүн жасап-түзөп, жашартаарын да байкады.
Кытайдагы мусулмандар, жүз миңдеген уйгур, казак, кыргыз жана башкалар "чектен чыккан кыянатчылыкка" кабылууда. Бул тууралуу АКШнын диний эркиндик боюнча эл аралык комиссиясы билдирди.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов бул ирет Ровач аттуу сүйүктүү аргымагына ыр арнады.
Дагы жүктөңүз