Адам укуктарына арналган баяндамаларда жабык жайларда жарандарды уруп-сабап кыйноо олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары белгиленет.
Ушул күндөрү «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда акыркы жылдары болгон саясий жүрүштөр тууралуу маек курду.
Кыргызстанда мурдагы бийликтин тушунда чыгарылып кеткен байлыкты өлкөгө кайра кайтаруу аракети башталды.
«Бийлик сырлары» программасында мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Кыргызстандын Кумтөр жана башка алтын кендерине жайылып кеткен жемкорлук тууралуу айтып берди.
Кыргыз парламентинде “Таблиги жамаат” боюнча маселе соңку жарым жылда кеминде эки жолу көтөрүлдү. Дааватчылар деген ат менен белгилүү бул диний кыймылга Орусия жана Борбор Азиянын үч өлкөсү тыюу салган. Бирок Кыргызстан коңшуларынын мындай чараларын колдобойт.
Орусиялык футбол эксперти, «Спорт-экспресс» басылмасынын баяндамачысы Игорь Рабинер Кыргызстан курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестининдин иши, негизи эле бул команда тууралуу ойлору менен бөлүштү.
Кыргызстанда экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча мыйзам долбоору баштагыдан кыйла өзгөртүлүп, парламент аны экинчи окууда жактырды.
Бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолуп, 12-февралда эркиндикке чыккан саясатчы Бектур Асанов толук акталып чыгыш үчүн аракеттер улана турганын “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди.
"Бийлик сырлары" берүүсүндө журналист Бермет Букашева Айгүл Текебаева менен маектешти.
Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде мекенине кете албай жаткан кыргызстандык аялдар жана балдар бар. Бул тууралуу “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюмунун Террорчулук жана контр-террорчулук боюнча программасынын директору Надим Хоури "Азаттыкка" маегинде билдирди.
"Карынын сөзүн капка сал" деп айтылат элибизде. Өзгөндүк Ысмайыл Мурзабаев кесипке бышкан адис жана турмуштун ачуу-таттуусун көп таткан санжыргалуу кексе карыялардын бири эле.
Кыргызстанда 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстердин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Ага ылайык, мыйзамдарда "кылмыш ишин козгоо" деген түшүнүк жоюлуп, материалдар бирдиктүү реестрге катталган учурдан тартып тергөө жана сотко чейинки өндүрүш башталат.
Дагы жүктөңүз